БАРТОЛЬД: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БА́РТОЛЬД Василий Владимирович (3. 11. 1869, Санкт-Петербург – 19. 8. 1930, Ленинград) – чыгыш таануучу; проф. (1901), академик (1913). 1891-ж. Петербург ун-тинин чыгыш тилдери ф-тин бүтүргөн. 1891–92-ж. батыш-европалык чыгыш изилдөөчүлөр м-н таанышуу максатында Финляндияга, Германияга (ислам таануучу А. Мюллердин, арабист Т. Нёльдекенин лекцияларын уккан), Швейцарияга, Түн. Италияга, Австрия-Венгрияга барган. Чет өлкөдөн келгенден кийин Чыгыш тарыхы кафедрасында окутуучулук кызматка калтырылган. Окуп жүргөн учурда эле араб, перс ж-а түрк тилдерин тереӊ үйрөнүп, чыгыш элдеринин о. кылымдагы тарыхына өтө кызыккан. 1893–94-ж. О. Азияга биринчи ирет ил. экспедицияга келип, Талас, Чүй өрөөнү, Ысык-Көл ж-а Борб. Теӊир-Тоодогу археол. эстеликтерди изилдеген. Кийин да бир нече жолу келип, изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Жыйынтыгында «Илимий максат менен 1893–94-ж. О. Азияга баргандыгым жөнүндө отчёт» деген эмгеги жаралган. «Монгол дооруна чейинки Түркстандагы христианчылык (Жети-Суу жазуу эстеликтери б-ча)» аттуу макаласынын мааниси чоӊ. Бул темага ал студент кезинен кызыгып, «Орто Азиядагы христианчылык жөнүндө» деген эмгеги Санкт-Петербуг ун-тинин чыгыш ф-тинин күмүш медалына татыктуу болгон. Бул эмгектер Кырг-ндан табылган несториандардын эстеликтерин (12–14-к.) тарыхый жактан изилдөөдө чоӊ таяныч булактардан болуп эсептелет. 1890-ж.

магистрдик окумуштуулук даражасын алуу үчүн араб, перс ж-а жерг. авторлордун кол жазмаларын кеӊири пайдалануу м-н жаралган «Монгол жортуулунун доорундагы Түркстан» аттуу темада диссертация коргойт, бирок окумуштуулар кеӊеши ага Чыгыш тарыхынын доктору деген окумуштуулук даража ыйгарат. Анын эмгектеринде түрк элдеринин тарыхы жалпылаштырылып, айрым түрк элдеринин тарыхы байыркы доордон жаӊы ж-а соӊку доорлорго чейин ырааттуу жазылган. Б. 1901-ж. Петербург ун-тинин экстраординардык проф., 1906-ж. Ординардык проф., ал эми 1910-ж. Россия ИАнын мүчө-корреспонденти, 1913-ж. академик болуп шайланган. Б. 1905–13-ж. Орус археология коомунун чыгыш бөлүмүнүн секретары, 1912–13-ж. «Мир ислама» (кийин «Мусульманский мир») журналынын башкы редактору болгон. 400дөн ашуун көлөмдүү ил. эмгектерди ж-а ар кыл макалаларды жараткан. Мындан тышкары ал «Ислам» энциклопедиясына О. Азиянын тарыхы б-ча 250дөй макала жазган. Анын «Жети-Суу тарыхынын очерки» (1896) ушул крайдын о. кылымдагы саясий тарыхына арналып, кыргыздар ж-а Кырг-ндын тарыхына тиешелүү көп маселелер биринчи жолу кеӊири иликтенген. Мис., Мухаммед башында турган кыргыздардын могол башкаруучуларына каршы күрөшү сыяктуу саясий окуялар изилденген. Б. кыргыз элинин тарыхына башынан эле кызыгып келген. 19-к-дын аягында жарык көргөн «Байыркы түрк жазууларынын тарыхый мааниси» ж-а «Байыркы түрк жазуулары жана араб жазуу булактары» аттуу макалаларында кыргыздардын эзелки тарыхы ж-дө баяндаган. Ал эми анын андан кийинки көп сандаган эмгектеринде кыргыз элинин тарыхын кеӊири изилдеп, натыйжада «Кыргыздар» (1927) аттуу тарыхый очерки жазылган. Анда кыргыз элинин байыркы замандардан тартып, 19-к-дын ортосуна чейинки тарыхы б-ча дээрлик негизги маалыматтар жыйынтыкталган. Ошондуктан, анын бул эмгеги өзүнүн маанисин азыркыга чейин сактап келе жатат. Октябрь рев-ясынан кийин Б-дун ил. пед. уюштуруучулук ишмердиги бир кыйла көтөрүлүп, Петроград түрк тилдер ин-тунда проф., Ташкентте, Бакуда, Стамбулда лекциялар окуйт. «Орто Азиядагы түрк элдеринин тарыхы жөнүндө он эки лекция» (1935) аттуу эмгеги бүгүн да өз актуалдуулугун жоготкон жок. Радловдук ийримдин төрагасы (1918–30), Чыгыш таануучулар коллегиясынын төрагасы (1921–30), Түркологиялык кабинеттин директору, I Бүткүл союздук түркологиялык съезддин уюштуруучулардын бири (Баку, 1926), В. В. Радловдун «Түрк наречиелеринин сөздүгүнүн тажрыйбасын» кайра басуу б-ча комиссиянын төрагасы ж. б. көптөгөн иштерди алып барган. Б. тарыхчы гана болбостон, таанымал филолог-түрколог да болгон. Филол. иштеринин ичинен өзгөчө орунду «Менин Коркут атамын китеби» аттуу көрүнүктүү эмгектин орус тилине котормосу ээлеп турат. Мусулман калктарынын жазмасын араб тамгасынан латын алфавитине өткөрүү ж-дөгү комиссиянын иштерине, О. Азия ун-тин, чыгыш таануу китепканаларын уюштурууга, кол жазмаларды жыйноого жигердүү катышкан. Ислам тарыхы б-ча «Халиф жана Султан» (1912), «Ислам» (1918), «Мусулман коом маданияты» (1918), «Мусулман дүйнөсү» (1922), «Мусейлима» (1925) ж. б. эмгектерди жазган. Анын көптөгөн изилдөөлөрү англис, француз, немец, түрк, араб, перс тилдерине которулган. «Кыргыздар» аттуу эмгеги 1943-ж. кыргыз тилине которулган. Эмг.: Кыргыздар жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1997.
Ад.: Умняков И. И. В. В. Бартольд. Таш., 1926; Акрамов Н. М. Выдающийся русский востоковед В. В. Бартольд. Душ., 1963. «Советская тюркология», ¹ 6, 1970; Лунин Б. В. Жизнь и деятельность академика В. В. Бартольда. Средняя Азия в отечественном востоковедении. Таш., 1981.
Ч. Жумагулов.