БАСКАК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БАСКАК ''' – ''Чынгыз хандын'' каратып алган элдердеги ишенимдүү өкүлү. Аны даруга (моӊголчо мөөр ээси) деп да аташкан. Басып алынган элдердин кирешесинин ондон бир бөлүгү хан казынасына ж-а он адамдан бирөө хан аскерине алынууга тийиш болгон. Монголдор каратып алышкан жерлерде жерг. элдердин өкүлдөрүн башкаруучу кылып дайындоо м-н аларды көзөмөлдөп туруу ж-а салык чогултуу үчүн хан чөйрөсүнөн чыккан атайын адамдар – Б-тар дайындалган. Б. системасы 1252-ж. эл каттоонун жүрүшүндө киргизилген. Б-тын карамагында жазалоочу атайын аскерлери болгон. Алар кокусунан кол салуудан сактануу үчүн шаардын сыртында турушкан. Орустар алар турган жерлерди «татар слободасы» деп аташкан. Эгерде кайсы бир князь хандын буйругун аткарбай же салык төлөөдөн баш тартса, Б. өз аскерлери м-н аларга каршы аттанып, жазалап турган.
'''БАСКАК ''' – ''Чынгыз хандын'' каратып алган элдердеги ишенимдүү өкүлү. Аны даруга (моӊголчо мөөр ээси) деп да аташкан. Басып алынган элдердин кирешесинин ондон бир бөлүгү хан казынасына жана он адамдан бирөө хан аскерине алынууга тийиш болгон. Монголдор каратып алышкан жерлерде жергиликтүү элдердин өкүлдөрүн башкаруучу кылып дайындоо менен аларды көзөмөлдөп туруу жана салык чогултуу үчүн хан чөйрөсүнөн чыккан атайын адамдар – Баскактар дайындалган. Баскак системасы 1252-жылы эл каттоонун жүрүшүндө киргизилген. Баскактын карамагында жазалоочу атайын аскерлери болгон. Алар кокусунан кол салуудан сактануу үчүн шаардын сыртында турушкан. Орустар алар турган жерлерди «татар слободасы» деп аташкан. Эгерде кайсы бир князь хандын буйругун аткарбай же салык төлөөдөн баш тартса, Баскак өз аскерлери менен аларга каршы аттанып, жазалап турган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

04:50, 8 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БАСКАК Чынгыз хандын каратып алган элдердеги ишенимдүү өкүлү. Аны даруга (моӊголчо мөөр ээси) деп да аташкан. Басып алынган элдердин кирешесинин ондон бир бөлүгү хан казынасына жана он адамдан бирөө хан аскерине алынууга тийиш болгон. Монголдор каратып алышкан жерлерде жергиликтүү элдердин өкүлдөрүн башкаруучу кылып дайындоо менен аларды көзөмөлдөп туруу жана салык чогултуу үчүн хан чөйрөсүнөн чыккан атайын адамдар – Баскактар дайындалган. Баскак системасы 1252-жылы эл каттоонун жүрүшүндө киргизилген. Баскактын карамагында жазалоочу атайын аскерлери болгон. Алар кокусунан кол салуудан сактануу үчүн шаардын сыртында турушкан. Орустар алар турган жерлерди «татар слободасы» деп аташкан. Эгерде кайсы бир князь хандын буйругун аткарбай же салык төлөөдөн баш тартса, Баскак өз аскерлери менен аларга каршы аттанып, жазалап турган.