БАСКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАСКТАР (өздөрүн э у с к а л д у н а к деп аташат) – Түн. Испания ж-а Түш. – Батыш Францияда жашаган эл. Испаниянын Баскт өлкөсүндө 2,178 млн, Галисияда 2,7 млн, Наваррада 649 946 (2019), Францияда 230 200 киши (2008), о. эле 15 млнго жакын киши Аргентина, Бразилия, Мексика, Венесуэла, Уругвай ж-а АКШда жашашат. Баск, француз ж-а испан тилдеринде сүйлөшөт, католик динин тутушат. Б.– Пиреней ж. а-нда жашаган байыркы элдерден. Б-дын ата-бабалары васкон, вардул, каристи ж. б. уруулар. Б-дын көпчүлүгү арабдардын үстөмдүгүнүн мезгилинде көз каранды эместигин сактап калган. Алар жашаган аймактын түндүгү Францияга (16-к.), түштүгү Кастилия мамлекетинин (15-к-дын аягы – 16-к-дын башы) курамына кошулуп, узак убакыт бою улуттук райондорду борборлоштуруу ж-а күч м-н испандаштыруу саясаты жүргүзүлгөн. Б. баскынчыларга каршы тынымсыз күрөшүп, өздөрүнүн үрп-адатын, салтын, тилин, мад-тын сактап калган. 1931–39-ж. Испан рев-ясы улуттук кыймылдын жаӊы жогорулашына алып келген. 1936-ж. автономиялык район түзүлүп, ал Б. өлкөсү деп аталган, бирок Франконун фашисттик аскерлери басып алгандан кийин (1937-ж. июнь) автономиясы жоюлган. 1940–50-ж. калктын 20–25% гана эне тилинде сүйлөшсө, 1970-ж. эне тилинде мектептер ачылып, андан ары маданий өнүгүүгө багыт алышкан. 1980-ж. Б. өлкөсү, кийин Наварра автономиялык статуска ээ болушту. Б. негизинен мал чарбачылык, жүзүм өстүрүүчүлүк м-н кесип кылышып, таштан салынган эки же үч кабаттуу, балкондуу үйлөрдө жашашат. Аялдар алтын, күмүштөн жасалган кооздуктарды, кыска кара куртка, көгүлтүр көйнөк кийип, көкүрөгүнө дайыма алтын, күмүштөн жасалган кооздуктарды, шуру, мончокторду, башына жибек бант тагынышкан. Кыздары кенен жеӊдүү ак көйнөктүн сыртынан корсаж кийишкен. Эркектери багалеги тизесине чейин жеткен кыска кара шым, күмүш топчулуу куртка ж-а жилет, көйнөк, чапела (берет – баш кийим) кийишип, кур тагынышкан. Тамак-ашы негизинен эт, сүт, дан азыктары ж-а жашылча-жемиштер.
Ш. Керимова

Альбокада ойноп жаткан баск.