БАСМАКАНА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БАСМАКАНА, т и п о г р а ф и я [гр. tуpos – калтырган так (опечатка), калып (форма) ж-а grаph о – жазам] – китеп, гезит, журнал ж-а ар түрдүү басма продукцияларын (өндүрүмдөрүн) даярдап чыгаруучу полиграфия ишканасы. Басуунун ар кандай ыкмалары колдонулган ишкана – п о л и г р а ф и я л ы к к о м б и н а т, чыгарылуучу өндүрүмдүн бир эле түрүнө адистештирилген ишкана – к и т е п ф-к а с ы деп аталат. Иштеп чыгаруучу продукциянын түрүнө карата ал гезит-журнал, китеп, бланка чыгаруучу Б. болуп айырмаланат. Б-га колжазма түшкөндө

компьютерде терилет же көчүрүлөт, калыпка салынат (версткаланат), калькага чыгарылат, монтаждалат, форма (пластина) жасалат, басылат. Андан кийин бүктөө (фальцовкалоо), дептерлеп чогултуу, тигүү, кесүү, мукабалоо, пресстөө, кургатуу иштери аткарылып, даяр өндүрүм кампага жөнөтүлөт. Аз тираждуу өндүрүм үчүн «Ромайор» (А3 формат м-н), көп тираждуу өндүрүм үчүн «Гейдельберг» ж. б. басуу (печаттоо) машиналары колдонулат. Азыркы кезде технол. процесстердин күн санап өсүшүнөн улам полиграфия техникалары ж-а технологиясы жаӊыланууда. Түстүү көркөм сүрөттөр санариптик эсептөө машинасында ж-а көбүнчө плёнкага чыгарып (фотовывод), басууга даярдоо жабдыгы м-н ишке ашырылат. Б-ны компьютерлештирүүдө компьютерден түздөн-түз басуу формасы жасалып (аз тираждуу өндүрүмдөр үчүн), ризографка кетет. Мында иш процесси кыскарып, өндүрүмдүн сапаты жогорулайт. Кырг-нда биринчи Б. 1925-ж. уюштурулган. Жаӊы технология м-н жабдылган «Учкун» кагаз түрмөгүнөн (рулондон) 1 же 2, же 3, же 4 түстө баскан, америкалык «Фириодонхоус» кагаз түрмөгүнөн дароо 4 түс м-н баскан типографиялары, Т. Суванбердиев атн. Кыргызполиграфкомбинаты, о. эле бир нече ар кандай басмаканалар иштейт (2007).
К. Байтокова.