БАСМА СӨЗ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАСМА СӨЗ – мезгилдүү (гезит, журнал, альманах, жумалык ж. б.) ж-а мезгилсиз (китеп, брошюра, альбом, бюллетень, жылнаама, баракча ж. б.) басып чыгарылган басмакана продукциясы. Ал ар түрдүү маалымат, жаӊылык, билдирүүлөрдү таркатуу м-н коомдук көз караш, ой-пикирлерди калыптандыруу, саясий ж-а илим, билимдерди даӊазалоо максатын көздөгөн таасирдүү курал болуу м-н, дүйнөлүк цивилизациянын өркүндөп, өнүгүшүндө чоӊ мааниге ээ болгон. Б. чыг-лык-өндүрүштүк иштерди уюштуруунун өзгөчөлүктөрүнө, тематикалык-мазмундук багыттарына, окурмандар катмарынын мүнөзүнө ж. б. белгилерине карата бир нече түргө бөлүнөт. Мезгилдүү Б-дүн негизги ж-а алгачкы түрлөрүнүн бири – гезит. Кагаз чыгаруу иши өнүгүп, полиграфиялык техниканын өркүндөшүнөн улам Батыш Европада (Германияда 1609-ж., Улуу Британияда 1622-ж., Францияда 1631-ж.) алгачкы гезиттер чыга баштаган. Россияда туӊгуч гезит Пётр Iнин тушунда 1703-ж. 2-январда жарык көргөн. Б-дүн экинчи түрү болгон мезгилсиз басылмаларга: китеп, брошюра, плакат, нота ж. б. кирет. Анын эӊ негизги ж-а байыркы түрү – китеп. Китеп басуу иши 8–9-к-да Кытайда башталган. Алгач ксилографиялык (жыгачтан оюлган калып м-н басуу) ыкма м-н буддисттердин «жакут сутра» (868-ж.) аталыштагы ыйык китеби басылып чыккан. Европада 1-китеп – «Библияны» немец китеп чыгаруучусу И. Гутенберг 1448-ж., Россиядагы 1-китеп – «Апостолду» И. Фёдоров м-н П. Мстиславец 1563-ж. басып чыгарган. 1965–85-ж. аралыгында китеп басып чыгаруу б-ча СССР дүйнөдө 1-орунду ээлеп турган. Кыргызча туӊгуч гезит «Эркин-Тоо» 1924-ж. 7-ноябрда жарык көргөн. Ошол жылы кыргыз тилинде «Алиппе», «Ленин кошогу» (ыр жыйнак), «Хрестоматия» китептери, жугуштуу көз оору ж-дө брошюра (үчөө Ташкентте, бири Москвада) чыккан. 1926-ж. Фрунзеде улуттук китеп басмасы – «Кыргызмамбас» уюштурулуп, андан 72 миӊ нуска м-н 14 китеп жарык көргөн. 1926-ж. респ-да 5 миӊ нуска м-н үч гана гезит чыкса, 1975-ж. алардын бир жылдык нускасы 660 миӊ даанага жетип, респ. 8, обл. 6, шаардык 10, р-ндук 36, көп тираждуу 18, колхоздук 22 газета 5 млн 25 миӊ нуска м-н, мындан тышкары, 13 журнал чыгарылган. Азыр КРдин Юстиция министрлигинен 400дөн ашык ар кандай багыттагы ж-а мазмундагы гезит-журналдар каттоодон өтүп, жыл сайын он миӊдеген китептер жарык көрүп турат.
Т. Ишемкулов.