БАССЕЙН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БАССЕ́ЙН ''' с п о р т т о – ''сууда сүзүү, ватерполо, сууга секирүү'' б-ча мелдештер өткөрүлүүчү көлмө. Ал сүзүүчү ж-а кайык айдоочу болуп бөлүнөт. Сүзүү Б-дери табигый ж-а жасалма болот. Табигый Б. үчүн суусу жай аккан, түбү тегиз көлмөлөр тандалат. Жасалмасы тик бурчтуу формадагы ваннадан, машыгууга даярдануучу аянттан ж-а тех. имараттан турат. Уз. 50 ж-а 25 ''м,'' туурасы 25, 21, 16, 11 ''м,'' туурасына жараша уз. 8, 6, 5, 4 ''м'' жолчолору бар, тереӊдиги 1,2–1,8 ''м''. Секирүүгө арналган Б-дин өлчөмү 20х20 ''м''. Анын суусун ар суткада чыпкалоо, хлорлоо, бактерицид лампалары м-н нурлантуу ж. б. ыкмалар м-н тазалап турат, темп-расы 26–30° болушу керек. Кайык м-н сүзүү Б-и атайын жайларга курулат, анын тереӊдиги 6 ''м''ден ашпайт. Кырг-нда Б-дер Бишкекте 21-к-дын 20–40-ж-нан баштап курула баштаган.
'''БАССЕ́ЙН ''' с п о р т т о – ''сууда сүзүү, ватерполо, сууга секирүү'' боюнча мелдештер өткөрүлүүчү көлмө. Ал сүзүүчү жана кайык айдоочу болуп бөлүнөт. Сүзүү Бассейндери табигый жана жасалма болот. Табигый Бассейн үчүн суусу жай аккан, түбү тегиз көлмөлөр тандалат. Жасалмасы тик бурчтуу формадагы ваннадан, машыгууга даярдануучу аянттан жана техникалык имараттан турат. Узундугу 50 жана 25 ''м,'' туурасы 25, 21, 16, 11 ''м,'' туурасына жараша узундугу 8, 6, 5, 4 ''м'' жолчолору бар, тереӊдиги 1,2–1,8 ''м''. Секирүүгө арналган Бассейндин өлчөмү 20х20 ''м''. Анын суусун ар суткада чыпкалоо, хлорлоо, бактерицид лампалары менен нурлантуу ж. б. ыкмалар менен тазалап турат, температурасы 26–30° болушу керек. Кайык менен сүзүү Бассейни атайын жайларга курулат, анын тереӊдиги 6 ''м''ден ашпайт. Кыргызстанда Бассейндер Бишкекте 20-кылымдын 20–40-жылдарынан баштап курула баштаган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:33, 9 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БАССЕ́ЙН с п о р т т о – сууда сүзүү, ватерполо, сууга секирүү боюнча мелдештер өткөрүлүүчү көлмө. Ал сүзүүчү жана кайык айдоочу болуп бөлүнөт. Сүзүү Бассейндери табигый жана жасалма болот. Табигый Бассейн үчүн суусу жай аккан, түбү тегиз көлмөлөр тандалат. Жасалмасы тик бурчтуу формадагы ваннадан, машыгууга даярдануучу аянттан жана техникалык имараттан турат. Узундугу 50 жана 25 м, туурасы 25, 21, 16, 11 м, туурасына жараша узундугу 8, 6, 5, 4 м жолчолору бар, тереӊдиги 1,2–1,8 м. Секирүүгө арналган Бассейндин өлчөмү 20х20 м. Анын суусун ар суткада чыпкалоо, хлорлоо, бактерицид лампалары менен нурлантуу ж. б. ыкмалар менен тазалап турат, температурасы 26–30° болушу керек. Кайык менен сүзүү Бассейни атайын жайларга курулат, анын тереӊдиги 6 мден ашпайт. Кыргызстанда Бассейндер Бишкекте 20-кылымдын 20–40-жылдарынан баштап курула баштаган.