БАТАРЕЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАТАРЕ́Я (фр. batterie, hattre – уруу, согуу) – иш-аракети пайдалуу болсун үчүн бир түрдүү приборлордун, аппараттардын, түзүлмөлөрдүн бир системага бириктирилген түрү. Буга керек электр чыӊалуусун же ток күчүн алуу үчүн удаалаш же жарыш туташтырылган электр аккумуляторлор Б-сы; ташкөмүрдү кургак буулантуучу бир нече мештер – кокс Б-сы; буулануучу муздаткыч агент же муздатуучу суюктук агуучу кырлуу же жылмакай түтүктөн турган муздаткыч Б.; ток алуу үчүн жарыш же удаалаш туташтырылган электр аккумуляторлор Б-сы кирет. Электр-техникада токтун хим. булактарын, термоэлементтерди же фотоэлементтерди констр. ж-а электрдик жактан бир Б. кылып туташтырып, айрым элемент бере албай турган чыӊалууну, ток күчүн, сыйымдуулукту, кубаттуулукту алууга болот.