БАТИАЛЬ ЗОНАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАТИА́ЛЬ ЗОНАСЫ , б а т и а л ь (гр. bathes – тереӊ) – деӊиз, океан түбүнүн материктик тайыздык м-н океан таманынын аралыгын ээлеген зонасы; материктик капталдын тереӊдигине дал келет. Бул экол. зонага улам тереӊдөө, гидростатика басымынын жогорулашы (200–500дөн 3000 мге чейин), суусунун темп-расынын акырындап төмөндөшү ж-а фотосинтездөөчү өсүмдүктөрдүн жоктугу, о. эле күн шооласынын өтө аз же жок болушу мүнөздүү. Түпкү тектер органогендик ылайдан (фораминифер скелеттик калдыктары, кокколитофорид ж. б.) турат. Суусунда автотрофтуу хемосинтездөөчү бактериялар кеӊири таралган; омуроо буттуулар, деӊиз чалгындары, ийне терилүүлөр, он буттуу рак сымалдуулар ж-а субагай куйрук балыктардын тукуму, көмүр балыктар байырлашат. Биомассасы негизинен айрым учурда ондогон г/м2 м-н берилет. Океан түптөрүндө батиаль чөкмөлөрү жатат.