БАТИПЛАН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАТИПЛА́Н ( гр. bathes – тереӊ ж-а лат. Planum – тегиздик) – суу астында байкоо жүргүзүүчү бир орундуу чиркелме аппарат. Ал балык уулоочу ж-а топтошкон балыктуу аймактарда (табигый шартта) балыктарга, балык кармай турган конус түрүндөгү оозу бар кап сымал тордун (трал) иштешине байкоо жүргүзүү ж-а изилдөө үчүн арналган. Гидродинамикалык күчтүн аракети м-н кыймылдап, сууга чөгөрүлөт ж-а тереӊдикте кармалып турат. Жылчыксыз тулкусунда отурган адам башкарат. Б. кемеден түшүрүлүп, суунун бетинде сүзүп жүрөт же рулдун жардамы м-н керектүү тереӊдикке чөгөрүлөт.