БАТИСКАФ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАТИСКА́Ф (гр. bathes – тереӊ ж-а skfphos – кеме) – океандын, деӊиздин тереӊдигин изилдөөчү өзү жүрмө түзүлмө. Ал жеӊил (калкыма) тулкудан ж-а 1–3 кишилик болот шар түрүндөгү ички гондоладан турат. Электр кыймылдаткыч кыймылга келтирген калактуу буралгынын (винттин) жардамы м-н жылат. Экипаж, башкаруу аппаратурасы, байланыш радио станциясы, телефон, телекөрсөтүү камерасы ж-а ил. Приборлор гондолага, электр кыймылдаткычы, аккумулятор, жарык кылгыч, теӊдеш жүктөр (балласттар) тулкуга жайгаштырылат. Биринчи Б-ты швейцариялык окумуштуу О. Пиккар 1948-ж. куруп, сыноодон өткөргөн. 1960-ж. Анын

«Триест-2» батискафы: а – жалпы көрүнүшү; б – узунунан кесилиши:
1 – бензиндүү сүзүү отсеки; 2 – кеменин тумшук бөлүгүндөгү балласттык цистерна;
3 – кеменин арткы бөлүгүндөгү балласттык цистерна; 4 – аккумулятор батареясынын контейнерлери; 5 – электр кыймылдаткычы; 6 – киргизгич шахтанын айланып өткүчү;
7 – люк; 8 – илимий жабдуулар шахтасы; 9 – гидролокатор; 10 – кеменин тумшук бөлүгүндөгү бытыра контейнери; 11 – чырактар; 12 – тартып алуу камерасы; 13 – бышык чөйрө; 14 – иллюминатор; 15 – люк; 16 – манёвр цистернасы; 17 – суу астындагы телефон; 18 – телекөрсөтүү камерасы; 19 – эхолот; 20 – гайдроп; 21 – кеменин арткы бөлүгүндөгү бытыра контейнери.

уулу Ж. Пиккар ж-а Д. Уолш «Триест» Б-ы м-н Тынч океандагы Мариана кобулунун түбүнө (11 миӊ м тереӊдикке) жеткен.