БАТКАК МЕНЕН ДАРЫЛОО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БАТКАК МЕНЕН ДАРЫЛОО, п е л о т е р а п и я (гр. pеlоs – ылай, балчык ж-а theraptia – дарылоо) – дарылык касиети бар ылайды дарылоо максатында колдонуу. Табиятта туздуу, тузсуз көлдүн, саздын, жанар тоонун баткактары бар. Кырг-ндан тузсуз көлдүн ж-а жанар тоонун баткактары табылган эмес, ошондуктан дарылоодо туздуу көл чөгүндүсү ж-а саз баткактары колдонулат. Көл чөгүндү баткактары негизинен Ысык-Көл жээгинде, ал эми саз баткактары Чүй, Жалал-Абад, Ош, Нарын обл-нда бар. Бальнеологиялык баалуулугу, туздуулугу, эриген иондор, антибиотиктер, витаминдер, газдар, орг. ж-а орг. эмес заттардын болушу зор мааниге ээ. Баткактын дарылык касиетине негизинен хим., темп-ралык ж-а мех. факторлор таасир этет. Гинекология, урология, сөөк, булчуӊ, муундун өнөкөт ооруларында, жаракат алганда, нерв системасынын кээ бир ооруларында колдонулат.
Д. А. Алымкулов.