БАТКЕН ОБЛУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАТКЕН ОБЛУСУ Кырг-ндын түш.-батышында жайгашкан. 1999-ж. 12-октябрда Ош обл-нан Баткен, Кадамжай, Лейлек р-ндору ж-а Кызыл-Кыя, Cүлүктү ш-н бөлүп, облус уюштурулган. 2000-ж. райондун борбору – Баткен ж-а 2001-ж. кыш.

Облустук администрациянын имараты.

Исфана кыш. шаар статусун алган. Түш.-батышынан ж-а түн.-батышынан Тажикстан, түндүгүнөн Өзбекстан, чыгышынан Ош обл. м-н чектешет. Транспорттук катнашы облустун аймагындагы башка мамлекеттерге тийиштүү бир нече анклавдар (архипелагдар) ж-а чек аралар аркылуу өткөндүктөн, облустун социалдык-экон. өнүгүүсүнө кыйла терс таасирин тийгизүүдө. Аянты 17,0 миӊ км2 же респ-нын аймагынын 8,5%ин түзөт. Калкы 579,3 миӊ (2020) же респ-нын калкынын 8,1%и. Облустун аймагында 3 район, 4 шаар (Баткен, Исфана, Кызыл-Кыя, Сүлүктү) ж-а 194 кыштак, 30 айыл аймагы бар. Облустун борбору – Баткен ш.

Табияты.


Б. о. Фергана өрөөнүнүн түш. өндүрүн, Түркстан, Алай кырка тоолорунун түн. капталдарын, этек тоолорун, адыр тилкесин ээлейт. Бул кырка тоолордун кырлары деӊиз деӊг. 4000–5000 м бийиктикке көтөрүлөт; облустун эӊ бийик жери Түркстан кырка тоосунда (Кожо-Бакырган суусунун башатында) 5508 м (Пирамида чокусу), Алай кырка тоосунда (Cохтун алабында – Тилбеде) 5539 м (батышында Тамды-Кул чокусу). Облустун аймагында, Кулунду өрөөнүндө Кырг-ндын эӊ жапыз жери жайгашкан; ал деӊиз деӊг. 401 м бийиктикте. Жеринин бетинин түзүлүшү б-ча облустун аймагы тоо этектериндеги түздүктөр, тоо арасындагы ойдуӊдар, орто бийиктиктеги тоолор, бийик тоо зоналарына бөлүнөт. Тоо этектериндеги бир аз ж а н т а й ы ӊ к ы т ү з д ү к т ө р – облустун эӊ жапыз жайгашкан бөлүгү Фергана өрөөнүнүн чет-жакасын (өндүрүн) түзөт. Бул зонага Кастак Өз-Кулунду, Төө-Моюн, Кызыл-Жар ж.б. түздүктөр кирет. Андан жогору а д ы р л а р з о н а с ы Фергана өрөөнү м-н орто бийиктиктеги тоолор зонасынын аралыгында жайгашып, абс. бийикт. 1000–1300 мге жетет. Адырлар Түркстан ж-а Алай кырка тоолорунун этектеринде – Шаймерден-Cох суу бөлгүчтөрүндө, Кожо- Бакырган-Ак-Суу суу бөлгүчүнүн батыш бөлүгүндө, Ак-Суунун алабында зор аянттарды ээлейт. Адырлардын эӊ бийиги ж-а өзгөчөсү – Бели-Сынык жалы. Анын түн. капталы узун ж-а жазы, Каста-Көз өрөөнү карай жантайыӊкы, түш. капталы кыска ж-а аскалуу, узатасынан созулган жазы Таш-Рабат ойдуӊуна тик түшөт. Бели-Сынык ж-а Чимион адырлуу жалдары кургак колоттор-сайлар м-н тилмеленген. Чимион жалы – жаӊы тектон. кыймылда көтөрүлгөн антиклиналдык түзүлүш. Айрым жерлерин өтө тилмеленген, жыбыттуу, чөлдүү жерлерди – чаптарды («бедленддерди») пайда кылат. Т о о а р а с ы н д а г ы о й д у ӊ д а р адырлар, этек тоо кыркалары, о. эле негизги кырка тоолордун аралыктарын ээлейт. Алар кеӊдик б-ча созулган эки тилкени түзөт. Анын түн. тилкеси түш. тилкесине караганда гипсометриялык деӊгээли төмөн (900–1000 м абс. бийиктикте) жайгашкан (мис., Кожо-Бакырган суусунун алабындагы Таш-Рабат ойдуӊу). Ички ойдуӊдардын түш. тилкеси этек тоолорду Түркстан, Алай бийик кырка тоолорунан бөлүп турган дээрлик туташ депрессияны пайда кылат, абс. бийиктиги 1500–1800 мге жетет. Бул тилкеге Исфана, Чарк, Лейлек, Баткен, Айдаркен, Охна ж. б. ойдуӊдар кирет. Ички ойдуӊдардын рельефин бир аз жантайыӊкы күдүрлүү түздүктөр, аларды тилмелеген кургак сайлар түзөт. Тоо аралык ойдуӊдардан жогору о р т о б и й и к т и к т е г и т о о л о р зонасы бийик этек тоолорду, Түркстан, Алай кырка тоолорунун алдыӊкы жалдарын камтыйт. Бийикт. 2000–3000 м. бийик этек тоолор өтө ж-а тереӊ тилмеленген айрым токол тоолордон турат. Токол тоолор м-н адырларды кеӊдик багытта узатасынан (40° параллель б-ча) созулуп жаткан тоо аралык ойдуӊдар бөлүп турат. Б и й и к т о о л у у з о н а г а ири Түркстан ж-а Алай кырка тоолору кирет. Түркстан кырка тоосунун тоолору ж-а жалдары негизинен кеӊдик багытта жайгашып, түндүктү (Фергана өрөөнүн) ж-а батышты карай акырындап жантаят. Жалдар өрөөндөр м-н бөлүнүп, өрөөндөрү туурасынан кеткен кууш капчыгайлар м-н тилмеленген. Облустун аймагында Түркстан кырка тоосунун чокулары 5000 м бийиктикке чейин жетет. Мөӊгүлөр, көп жылдык кар бар. Кыры аска-зоокалуу. Түркстан кырка тоосунун чыгыш уландысын – Алай кырка тоосу узатасынан созулган жазы өрөөндөр, туурасынан кеткен тереӊ капчыгайлар м-н тилмеленген катмары. Кырка тоонун негизги суу бөлгүч кырынан түндүктү карай Кичи Алай (же Кыргыз-Ата) тоо массиви бөлүнүп чыгат. Анын батыш бөлүгү облустун аймагында. Алай кырка тоосунун капталдары Түркстандыкындай эле асимметриялык түзүлүштө. Түндүк капталдары туурасы 80–100 кмге жеткен жазы аймакты түзөт, түштүгү кыйла кыска. Түн. капталдарында азыркы мөӊгүлөр ж-а байыркы мөӊгүлөрдүн издери кеӊири таралган. Мөӊгүлөр Түркстан кырка тоосунун бийик (5400 м) чыгыш бөлүгүндө да кездешет. Түркстан ж-а Алай кырка тоолорунун бийик тоолуу зонасына байыркы ж-а азыркы мөӊгүлөрдүн аракетинен пайда болгон рельефтин тепши сымал формалары, капталдарына шагыл-таш корумдары мүнөздүү. Геоструктуралык жактан облустун аймагы герцин бүктөлүү структурасына кирет.

Каратегин жайлоосу.

Облустун климаты негизинен континенттик, кургакчыл континеттик белгилери бар жер ортолук деӊиздик климатка окшош. Жайы нымы жетишсиз, мелүүн-жылуу, кышы мелүүн-суук. Облустун 2500 мге чейинки бийиктикте жайгашкан аймагында январдын көп жылдык орт. темп-расы –3,3°Cден –6,9°Cге чейин, июлдуку 25,3–15°C. Деӊиз деӊг. 3000 м бийиктикте жайгашкан Теминген станциясында январдын орт. темп-расы –8,9°C (абс. минимуму –30°C), июлдуку 10°C (абс. максимуму 38,7°C). Алай кырка тоосунун «орографиялык ыктоодо» жайгашкан түн. капталында Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталына караганда жыл ичинде жаан-чачын 2,5 эсе аз жаайт. Түркстан кырка тоосунун түн. капталына 1200–1500 м бийиктикте туран тибиндеги чөл климаттуу Фергана өрөөнүнүн таманындагыдай эле жылына 120–140 мм гана жаан-чачын жаайт. Түркстан кырка тоосунун чыгыш бөлүгүнүн түн. капталдарында, Исфара суусунун алабында жылдык жаан-чачындын өлчөмү 200–600 ммден Кожо-Бакырган ж-а Ак-Суу сууларынын алаптарында 300–800 ммге чейин көбөйөт. Алай кырка тоосунун түн. капталдарында, орто бийик ж-а бийик тоолуу зоналарда жылдык жаан-чачындын өлчөмү 600–800 ммге, чанда 900 ммге чейин жетет, ал эми жаан-чачындан ыктоо жайгашкан жерлерде, тоолор м-н курчалган туюк чуӊкурчактарда жаан-чачындын өлчөмү 300–400 ммге чейин азаят. Алай кырка тоосунун эӊ батыш бөлүгүндө, Cох суусунун алабында, тоо кыры 5000 мден ашык көтөрүлүп, түштүктү карай бир аз ийилген жогорку зонада гана жаан-чачын жылына 1000–1200 ммге чейин жаайт. Облустун суулары Cыр-Дарыянын алабына кирет. Алай кырка тоосунун түн. капталдарынан башталган ири сууларга Исфайрам-Сай, Шаймерден, Cох ж. б., Түркстан кырка тоосунан башталгандарга Исфара, Исфана, Кожо-Бакырган, Ак-Суу ж. б. кирет. Бул суулардын бардыгы Cыр-Дарыянын сол куймалары, бирок алар тоодон чыга беришинде сугатка таралып же өзүнүн шиленди конустарында ж-а кургак сайларында жерге сиӊип кетет. Алар негизинен эриген кар ж-а мөӊгү сууларынан куралат. Алай ж-а Түркстан кырка тоолорунун капталдарында тоо көлдөрү да арбын, алардын ирилери: Тегермеч

Сох суусундагы башкы курулма.

(же Зор-Көл), Гезарт, Түз-Ашуу ж. б. (Исфайрам-Сайдын алабында), Курман-Көл (Көк-Суунун алабында), Аугул (Cохтун алабында), Кара-Көл-Катта (Исфананын алабында) ж. б. Алардын бардыгы Алай (568,1 км2) ж-а Түркстан (151 км2) кырка тоолорунун түн. капталдарында. Жалпы аянты 720 км2ден ашкан 530дай мөӊгү бар. Облустун аймагынын топурак-өсүмдүктөрүнүн таралышы ж-а алардын жалпы ариддик мүнөздө болушу жылуулукка ж-а нымдалуу шарттарына түздөн-түз байланыштуу. Тоо этегиндеги түздүктөрдү чөл өсүмдүктөрү (баялыш, шыбак, крокустар, жылган ж. б.) ээлеп, алардын астында ачык боз, шортоӊ топурактар өөрчүйт. Андан жогору, 1000–1300–1500 м бийиктиктердеги этек тоо-адырлуу зонага кадимки ж-а күӊүрт боз топурактуу жарым чөл (эфемерлүү жылган-ыраӊдуу, бадалчалуу) өсүмдүктөрү (айрыкча Түркстан кырка тоосунун түн. капталдарына) мүнөздүү. Кадимки боз ж-а бозомук күрөӊ топурактуу лёсс түзүлүшүндөгү жапыз ж-а орто бийик тоолорду (1300–1500–2000–2200 м бийиктиктерде) субтропик ландшафтына окшош талаанын ар кандай түрлөрү ээлейт. Орто бийиктиктеги ж-а бийик тоонун төмөнкү бөлүгүндөгү (2000–3400 м) күрөӊ, куба күрөӊ, тоо-шалбаалуу талаа топурактуу жерлерде арча токою, сейрек токой, талаа ж-а шалбаалуу талаанын ар кандай типтери басымдуу. Арчалуу токой тилкесинин нымды, топурак кыртышын сактоодо, селге каршы ж-а санитария-гигиеналык мааниси зор. Бул токойлорду корукка айландыруу, коргоо режимин жакшыртуу, жаш токой көчөтүн отургузуу ж-а токой чарба жумуштарын жүзөгө ашыруу зор маанидеги маселелердин бири. Тоолордун бийик бөлүктөрүнүн (3000 мден жогору) табияты катаал, дайыма суук, аска-мөӊгүлүү альп тибиндеги рельеф кеӊири таралган. Cубальп ж-а альп шалбаасы (шалбаалуу талаа ж-а чымдак өсүмдүктүү, жапалак арчалуу бийик тоо талаасы кошо кездешет) 3800–4000 м бийиктикке чейинки жантайыӊкы капталдарды ээлейт. Андан жогору түбөлүк тоӊ, кар, мөӊгүлүү ж-а жылаӊач аска-зоокалуу зона жатат. Тоо этегиндеги түздүктөр м-н тоо арасындагы ойдуӊдарды ж-а тоо этегиндеги адырлар м-н жапыз ж-а орто бийиктиктеги тоолордогу дарыя өрөөндөрүнүн жайылма тектирлерин негизинен сугат ж-а кайрак жерлер ээлейт, жайыт катары да пайдаланылат. Мында калктуу жайлар, өнөр жай борборлору, сугат тармактары жайгашкан. Орто ж-а бийик тоолордогу талаа ж-а шалбаа ландшафттары түрдүү мезгилдеги (көбүнчө жайкы ж-а кышкы) жайыт катары пайдаланылат.

Калкы


1999-жылкы эл каттоо б-ча 382,4 миӊ киши же респ-нын калкынын 7,9%ин түзгөн. Шаар калкы 105,4 миӊ (2006-ж.) киши (обл-нун жалпы калкынын 25,6%ин түзөт), айыл калкы 312,7 миӊ (74,4%). Калктын жыштыгы 1 км2 жерге 24,1 киши. Облустун калкы көп улуттуу. Негизинен кыргыз (обл-нун жалпы калкынын 76,0%), о. эле өзбек (14,4%), тажик (6,9%), орус, түрк ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Облустун калкынын табигый өсүшү салыштырмалуу жогору (2005-ж. төрөлүү коэфф-и респ-да 21,4‰ болсо, облуста 22,8‰ болгон), өлүм-житимдин коэфф-и (респ-да 7,1‰, облуста 5,8‰) төмөн. Облустун калкынын көбөйүшү негизинен табигый өсүшкө байланыштуу. 2005-ж. өсүш ар 1000 кишиге 17,0 (респ-да 14,2) адамды түзгөн. Облустун калкынын өзгөчөлүгү мында аялдарга караганда эркектердин санынын көптүгүндө. 1000 аялга 1006 эркек (респ. б-ча 978) туура келет. Облустун жалпы калкынын ичинен эмгекке жарамдуулар 50,0%ти (респ-да 52,7%) түзөт. Эмгекке жарамдуу калктын санынын азайышы респ-дагы рынок экономикасына өтүүдөгү өткөөл мезгилдеги социалдык экон. реформага байланыштуу өндүрүштүн деӊгээлинин төмөндөшү ж-а өнөр жай ишканаларынын иштебей калышы себеп болгон. Натыйжада шаарлар м-н шаарчаларда жумушсуздардын саны көбөйүп, миграция өскөн. Айрыкча эмгекке жарамдуу калктын ичинен, мигранттар көбүнчө Бишкек ш-на ж-а Чүй обл-на, Россияга, Казакстанга кетишкен. Мына ушуга байланыштуу Кызыл-Кыя ш-нын калкы 1989-ж. 36,8 миӊ болсо, 2006-ж. 31,6 миӊге азайган, Cүлүктүдө 14,8 миӊден 13,5 миӊге, Айдаркенде 11,1 миӊден 9,8 миӊге, Чабайда 2,8 миӊден 1,6 миӊге кыскарган. Өлкөнүн башка облустарына ж-а чет өлкөлөргө кеткен мигранттардын саны 2005-ж. 1,6 миӊден ашуун болгон.

Экономикасы.


Респ-нын өндүрүш комплексинде Б. о-нун экономикасы маанилүү орунду ээлейт. Облустун сейрек өнөр жай потенциалы (Айдаркен сымабы, Кадамжай сурьмасы, Кызыл-Кыя м-н Cүлүктү көмүрү), калыптанган а. ч. өндүрүшү (өрүк, тамеки, жүн, эт, сүт), калктын эмгекчилдиги экономиканын өнүгүшүнө шарт түзөт. Бирок, ошого карабастан обл-тун социалдык-экон. өнүгүү деӊгээли респ-нын орточо деӊгээлинен төмөн. Бул болсо обл-тун аймагынын геогр. жактан татаалдыгы, тоолуу рельеф, анча жагымдуу эмес топурак-климаттык шарты, аймагынын эӊ алыс жайгашуусу, саясий геогр. абалына байланыштуу. Буга кошумча базар экон. жүргүзүүдө мурунку союздук респ-лар м-н традициялык чарбалык байланыштардын
үзүлүшү обл-тун экономикасына да терс таасирин тийгизди.
2006-жылдын 1-январына обл-тун өнөр жайында катталган субъекттердин саны 379га жеткен. Анын ичинен өз алдынча балансада иштеген ишканалар 45. 2005-ж. бул ишканаларда 906,1 млн сомго (респ. көлөмдүн 2,3%и) өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн.
Өнөр жайы обл-тун экономикасында гана эмес, респ-да да маанилүү орунду ээлейт. Бул региондо сурьманын (2000-ж. 2407,89 т), сымаптын (591,5 т) бүт көлөмү, көмүрдүн 29,6% (981,1 миӊ т) өндүрүлөт.
Cурьма ж-а сымап өндүрүү б-ча Кырг-н дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн катарында турат. Облус дүйнөлүк керектөөчүлөрдү сурьма м-н 20,0%, сымап м-н 15,0% камсыз кыла алат. Кадамжайда алынган сурьма 1958-жылдан сапаты жагынан дүйнөлүк рынокто эталон катары бааланып, көп өлкөлөргө экспорттолуп келген. Облустун отун өнөр жайында акыркы жылдарда нефть ж-а газ өндүрүү тармагы пайда болду. Анын базасын көп жылдан бери Өзбекстан пайдаланып келип, жаӊыдан обл-ка өткөн Арка ж-а Бүргөндү массивдериндеги кендер түзөт. Алардын изилденген запастары: Арка массивинде нефть – 1,3 млн т, газ – 1,8 млрд м3, Бүргөндүдө нефть 0,6 млн т, газ 2,8 млрд м3 түзөт. 2005-ж. обл-та жаӊыдан уюшулган «Баткеннефтгаз» АК 18,5 миӊ т чийки нефть, 0,4 млн м3 газ өндүргөн.
Облустун ири өнөр жай ишканалары: «Кызыл-Кыя тамекиси», «Айдаркен сымап комбинаты, «Кадамжай сурьма комбинаты», «Нур» (23,6 млн), «Cүлүктү көмүр» (18,2 млн), «Кызыл-Кыя көмүр», «Дан» акционердик коомдору, «Кызыл-Кыя машзавод» ж. б.
Айыл чарбасы экономиканын реалдык секторундагы өнөр жайга ж. б. тармактарга караганда дүӊ продукцияны бир кыйла көбүрөөк бере турган тармак. Ошол эле убакта регион а. ч. дүӊ продукциясын өндүрүү б-ча обл-тардын ичинен эӊ акыркы орунда турат. Тармактык структурада мал чарбасы маанилүү орунду ээлейт. А. ч. продукциясынын 53,6%и мал чарбасына, 46,0%и дыйканчылыкка, 0,4%и а. ч-ны тейлөөгө тиешелүү. Дыйканчылыктын негизги тармагы – тамеки, мөмө-жемиш (10,3%), жүзүм (27,9%) өстүрүү; мал чарбасында кой, уй ж-а үй кушу чарбасы бар. Бардык өндүрүлгөн а. ч. продукциянын үлүшү респ-нын 6,9%ин түзгөн. Дан эгиндери, картошка, жашылча ж. б. обл-тун калкынын суроо талабын канааттандыруу үчүн өстүрүлөт.
Облустун жалпы аянтынан а. ч-га жарактуу жери 680,0 миӊ га (респ-нын а. ч-га жарактуу жеринин 6,4%). Айыл чарбага жарактуу жердин 68,5 миӊ гасы айдоо (респ-нын айдоо аянтынын 5,5%), 9,4 миӊ гасы чабынды (5,5%), 10,4 миӊ гасы көп жылдык мөмө-жемиштер (27,7%), 2,6 миӊ гасы дыӊ жер (12,1%), 588,3 миӊ гасы жайыт (6,4%) болгон. А. и. дан эгиндери (буудай, арпа, үрөн үчүн жүгөрү, күрүч), пахта, тамек, май берүүчү өсүмдүктөр 4,9 миӊ гага (7,0%), картошка 1,6 миӊ гага (1,9%), жашылча, бакча өсүмдүктөрү, тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Мындан сырткары мөмө-жемиш өсүмдүктөрү ж-а жүзүм отургузулган.
Мал чарбасында агрардык-жер реформасын жүргүзүүнүн 1-этабында малдын башы азайып кеткен. Кой, эчки, жылкы асыралып саны кыскарган.
Азыр рынок экономикасынын шартында мал чарбасынын дээрлик бардык продукциясы жеке менчик чарбаларда, дыйкан чарбаларында даярдалууда.

Облустун азыркы т р а н с п о р т тармактары: автомобиль, темир жол, аба ж-а куур транспорту. Аймагындагы тоолуу рельеф автомобиль транспортунун өнүгүшүнө шарт түзөт. Негизги автомобиль жолдору: Ош – Кызыл-Кыя – Пүлгөн – Айдаркен – Баткен – Исфана – Cүлүктү; Кызыл-Кыя – Дароот-Коргон; Кызыл-Кыя – Куба-Сай (Өзбекстан); Баткен – Исфара (Тажикстан); Кызыл-Кыя – Маркамат (Өзбекстан) – Ош. Бул жолдор (айрыкча биринчиси) «анклавдарды» бир нече жолу кесип өткөндүктөн, транспорт каражаттарынын обл-тун аймагы б-ча эркин жүрүшүнө тоскоолдук (бажы тосмосу, чек ара иш-аракеттери, паспорт ж-а документтерди текшерүү ж. б.) кылууда. Бирок ушундай шарттарга карабастан бул жолдор обл-тун ыраак жайгашкан калктуу пункттарын обл-тун борбору, о. эле Ош ш. м-н трансп.-экон. жактан байланыштырып турат.
Облустун аймагындагы автомобиль жолунун уз. 1,2 миӊ км, анын 414 км асфальтталган, 466 кмине таш төшөлгөн. Автомобиль транспорту жүк ж-а жүргүнчүлөрдү ташууда маанилүү орунду ээлейт.
Облустун темир жол транспорту туюк эки темир жол тармагынан турат. Биринчиси 1907-ж. Cүлүктүдөгү көмүр кенине Драгомиров (азыркы Тажикстандагы Пролетарск) бекетинен 37 км аралыкка курулган. Бул тармак 30-жылдардын башында реконструкцияланган. Экинчиси 1928-ж. курулуп, Кызыл-Кыя ш-н Өзбекстандын темир жол системасы м-н туташтыруучу Фергана – Куба-Сай – Кызыл-Кыя темир жол тармагы. Уз. 42 км. Бул жолдордун (айрыкча Кызыл-Кыя темир жол бекети) обл-тун аймагында оор жүктөрдү ташууда, айрыкча тоо-кен өнөр жайы үчүн мааниси чоӊ.
Аба транспорту жүргүнчүлөрдү ташыйт да, көбүнчө жерг. мааниге ээ. Аэропорт Баткенде (1950-ж. курулган), Исфанада, Кызыл-Кыя, Айдаркенде бар. Алардын ичинен биринчи үчөө иштеп, «Кыргызстан аба жолдору» акционердик коому улуттук авиакомпаниясынын курамына кирет. Бул аэропорттордон Ош ж-а Бишкек ш-на авиакаттамдар болуп турат. Жайында Чолпон-Ата ш-на (Ысык-Көл) каттайт.
Облустун аймагында куур транспорту бар. Фергана (Өзбекстан) – Кадамжай (1972) ж-а Урсатьев (Өзбекстан) – Айдаркен (1973) газ кууру курулган. Газ кууру өнөр жай ишканаларын ж-а калкты газ м-н камсыз кылат.
М а д а н и я т тармагында 2003-ж. 1,1 млн нуска китеби болгон 73 китепкана, 44 айылдык клуб, 3 музей, 2 р-дук элдик театр иштеген. Обл. Радио уктуруу ж-а теле көрсөтүүлөр кыргыз, орус, тажик тилдеринде жүргүзүлөт. Обл-тук ж-а 3 р-ндук газета чыгарылат.
Б и л и м б е р ү ү обл-тун аймагында 5 негизги стадияга бөлүнөт: мектепке чейинки (бала бакча), башталгыч, орто, атайын орто ж-а жогорку билим берүү. Облуста 19 (2353 орундуу) мектепке чейинки мекеме иштейт. Облус б-ча 211 жалпы билим берүүчү мектеп, а. и. 14 башталгыч мектеп, 16 негизги мектеп, 156 орто мектеп, 2 акылы кем балдарды окутуучу мектеп бар. Билим берүү кыргыз, өзбек, орус ж-а тажик тилинде жүргүзүлөт. О. эле 10 кесиптик-тех. окуу жайы, 3 атайын орто окуу жайы бар. 2003/04-окуу жылында обл-та жалгыз жогорку окуу жайы – Баткен мамлекеттик университети уюштурулган.
Облустун с а л а м а т т ы к с а к т о о с у н д а 3 борборлоштурулган, 2 шаардык, 19 участкалык оорукана, 21 врачтык амбулатория, 95 ФАП болгон. Мындан тышкары 76 үй-бүлөлүк врачтар тобу уюштурулган.
Облустун аймагында көптөгөн т а р ы х ы й - м а д а н и й о б ъ е к т и л е р бар. Биздин замандын 1–6-к-дарына таандык Кожо-Бакырган-Сай, Аирбаз, Баткен, Кайрагач, Кара-Камар, Обишир үӊкүрү тургун жайларынын калдыктары, 9–16-к-дардагы Булак-Башы, Исфана, шаар чалдыбарлары, Кокон мезгилиндеги чептердин калдыктары – Кан, Кыштут ж-а Кайрагач айылында арх-ралык эстелик-мечиттер бар. Рабат айылынан түштүгүрөөк тарапта аты уйкаш байыркы кен казуучулардын тургун жайы, Cамаркандек айылында тарыхый кен казылган жер, Канигут үӊкүрү сакталган.
Н. Алымкулова, Ө. Бараталиев, А. Мырзаев.