БАТЫЙ ЖАПЫРЫГЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БАТЫЙ ЖАПЫРЫГЫ – башында Батый хан турган монголдордун 1236–42-ж. Чыгыш ж-а Борб. Европага жасаган баскынчылык жортуулу. Жортуулду уюштуруу ж-дө талкуу 1235-ж. курултайда атайын каралып, аны ишке ашырууга бир жылча даярдыктар жүргүзүлгөн. Жортуулга о. эле Чынгыз хандын тукумдарынан Үгөдөйдүн уулу Күйүк, Тулуйдун уулу Муӊке, Чагатайдын уулу Байдар ж-а Батыйдын бир туугандары Ордо Ежен, Токо Темир ж. б. катышкан. 150 миӊге жакын аскер 1236-ж. Батыш Алтайдан чыгып, Чынгыз хандын белгилүү аскер башчысы Субадай баатыр башында турган кошуун Волга боюндагы булгарларды басып алган. Ошол эле учурда Батый өзү жетектеген кошуундар кыпчактардын, мордвалардын жерлерин ээлеген. Муӊке баштаган аскерлер Кавказга кирип, андагы көптөгөн шаарлар м-н Аланияны багындырган. 1237-ж. Батыйдын аскерлери Рязань княздыгына чабуул жасап, Происк, Белгород, Ижеславец, Ожск ж. б. шаарларын караткан. Андан соӊ орустардын бириккен аскерлерин Коломна ш-нын алдында талкалайт. 1238-ж. Москваны басып алгандан кийин Новгородго жол ачылган. Бирок Новгородго 65 чакырым жетпей Батый жортуулун түштүккө буруу ж-дө чечим кабыл алып, Торжок, Подеснья, Курск ш-н талкалайт. Дон д-нын боюнда кыпчак ханы Котандын аскерлери м-н салгылашып, жеӊилген кыпчактар Мажарстанга (азыркы Венгрия) өтүп кетет. Батый 1239-ж. жазында Переяславль, күзүндө Чернигов княздыгын басып алып, Днепр д-нын боюна жетет. 1240-ж. Киев ш-н ээлейт. Андан ары Мажарстанга, Польша ж-а Далмацияга жортуулдарды уюштурат. 1241-ж. Батыйдын аскерлери Польшанын Люблин, Сандамир, Краков ш-на жортуул жасайт. Чагатайдын уулу Байдар баштаган аскерлер Лигниц ш-нын алдында 30 миӊден ашык адамдан турган поляк-немец аскерлеринин үстүнөн чоӊ жеӊишке жетишет. Бул согуш көчмөндөрдүн согуш өнөрүндө европалыктардан алда канча жогору турарын көргөзгөн. Ошол эле учурда Батыйдын аскерлеринин басымдуу бөлүгү Мажарстан аймагына кирип, Сити д-нын боюнда мажар-хорват бириккен аскер күчүн талкалайт. Будапешт ш. моӊгол аскерлеринин талоонуна дуушар болгон. Андан ары Батыйдын аскерлери Дунай д-н кечип өтүп, Острогон, Стольный, Биоград (Белград), Весперим, Джур ш-н каратып, Жер ортолук ж-а Адрия деӊиздеринин жээктерине чейин жеткен. Батыйдын аскерлеринин экинчи канаты Нейштад ш-н басып алып, Венага жакындап келген. 1241-ж. Үгөдөй хандын өлгөндүгү тууралуу кабар жеткенден кийин Батый Балканды таштап, Жучу улусуна, Волга д-нын төмөнкү агымындагы ордосуна кайтып келет. Батый басып алган аймактар, а. и. Русь мамлекети Алтын Ордонун курамына кирген.