БАТЫШ АК-СУУ ЖЕЗ КЕНИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БАТЫШ АК-СУУ ЖЕЗ КЕНИ Ысык-Көл р-нунда, Ак-Суу суусунун баш жагында, деӊиз деӊг. 3000–3300 м бийиктикте. 1971–75-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы силурдун диорит, сиенит-диорит дайкалары ж-а үстүнкү ордовиктин гранит-порфирлери жиреп чыккан ортонку ордовик мезгилинин терриген-карбонат катмары м-н түзүлгөн. Кенташ (руда) тулкулары акиташ кабатчаларынын интрузия м-н кошулган гранат, гранат-магнетит скарн кабаттарында жайгашкан. Скарндагы кенташ тулкуларынын уз. 50 мден 850 мге чейин, калыӊдыгы 5 мден 20 мге чейин созулуп, магнетит, гематит, пирит, халькопирит, коргошун-цинк минералдарын камтыйт. Аз өлчөмдө касситерит, висмутин, вольфрамит, алтын кездешет. Пайдалуу компоненттердин өлчөмү төмөнкүчө: жез – 0,2–2,5%, коргошун – 1%ке чейин, цинк – 1%тен көбүрөөк, алтын – 3,1 г/тга чейин. Кенташтын болжолдуу ресурсу 18661 миӊ т, жездики 129830 т, алтындыкы – 7 т.