БАТЫШ СИБИРЬ НЕФТЬ-ГАЗ АЙМАГЫ –: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАТЫШ СИБИ́РЬ НЕФТЬ-ГАЗ АЙМАГЫ – Россиядагы нефть м-н газдын ири кендери жайгашкан зор аймак. Ал Батыш Сибирь түздүгүндө, негизинен Тюмень, Омь, Новосибирск, Томь обл-нун аймактарында. Аянты 3,5 млн км2ге жетет. Нефть м-н газ кендери юра ж-а бор мезгилдеринин кумдуу, алевролит тоо тек катмарларында пайда болгон. Мында 40тан ашык продуктулуу горизонт табылган. Алардын калыӊдыгы 1–45 м келип, 2–3 миӊ м тереӊдикте жатат. Түштүгүндө палеозой тектери да кенге бай. Аймактагы кендер жогорку дебиттүүлүгү м-н айырмаланат (нефтиники 200 т/сут, газдыкы 5 млн м3/сутга чейин). Нефтинин тыгыздыгы 880 кг/м3, курамында күкүрт аз (1,1%), бензин фракциясы көп (40–60%), парафин 0,5%ке чейин жетет. Газы жогорку сапаттуу, курамында метан 90–98%, оор углеводород 1–4%, азот 3–6%, көмүртектин кош оксиди 0,1–2%. Жылына 31,4 млн т нефть, 9,4 млрд м3 (1970) газ алынат. Негизги кендери: Самотлор, Усть-Балык, Правда, Мамонт, Батыш Сургут, Уренгой, Ямбург ж. б.