БАТЫШ ЧОӉ ЧҮЙ КАНАЛЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БАТЫШ ЧОӉ ЧҮЙ КАНАЛЫ – Кырг-ндагы эӊ ири сугат тармагы. Чүй суусунан (Чыгыш Чоӊ Чүй каналынын суу алуучу курулмасынан 40 км төмөнүрөөк) башталып, Чүй өрөөнүн чыгышынан батышты карай кесип өтүп, аягы Казакстан аймагынан бүтөт. Уз. 145 км; 82 миӊ га жерди сугарат. Суу чыгымы баш жагында 43 м2/сек, эӊ көп чыгымы 55 м3/сек. Канал 1940-ж. курула баштап, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде (1943) кол м-н казылган. Каналдын калган бөлүгү 1958-ж. курулуп бүткөн, 1951–54-ж. каналга аралыктан башкарылуучу дамба ж-а боюна 7 кичи ГЭС курулган.