БАХРЕЙН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БАХРЕ́ЙН, Б а х р е й н К о р о л д у г у (Мамлякат аль-Бахрейн) – Түш.-Батыш Азиядагы мамлекет. Перс булуӊунун түш. бөлүгүндө, Катар ж. а. м-н Сауд Аравиясынын ортосунда, Бахрейн а-нда жайгашкан. Аянты 717,5 км2 (2002, кээ бир

маалыматтарда 665 км) 2. Калкы 17 млн (2020). Борбору – Манама ш. Мамл. тили – араб тили. Акча бирдиги – Бахрейн динары. Адм.-айм. жактан 5 губернаторлукка бөлүнөт.
Б. – БУУнун, Эл аралык валюта фондунун, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ж-а Араб өлкөлөр лигасынын мүчөсү. Б. – унитардык мамлекет. Конституциясы 2002-ж. 14-февралда кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – король. Мыйзам чыгаруу бийлиги – королго ж-а Улуттук чогулушка таандык. Улуттук чогулуш – Консультациялык кеӊеш ж-а Депутаттар палатасынан турат. Аткаруу бийлиги – король ж-а Министрлер кеӊеши тарабынан жүзөгө ашырылат. Саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Б. архипелагы бир нече аралдар тобун (33) камтып (а. и. ириси – Бахрейн; уз. 48 км, туурасы 16 км), алар ойдуӊдуу (бийикт. 135 мге чейин) келип, негизинен акиташ тектеринен турат. Климаты тропиктик ариддик. Кышы жылуу, январдын орт. темп-расы 16°С, июлдуку 37°С. Жылдык жаан-чачыны 90 мм. Тропиктик чөл ландшафты басымдуу. Эль-Арейн табигый паркы бар.

Калкынын негизин бахрейндиктер (бахрейндик арабдар 63%) түзөт, калганы келгиндер (Иран, Индия, Пакистан). Ислам динин (мусулман шейиттер) тутат. Перс ж-а урду тилдеринде да сүйлөшөт. Орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 1 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники 71,5, аялдарыныкы 76,5. Шаар калкы 60%. Ири шаарлары: Манама, Мухаррак, Эр-Рифа-эль-Гарби, Мадинат-Хамад, Али.
Б. аралдары тууралуу алгачкы маалымат б. з. ч. 3 миӊ жылдыкка таандык даректерде айтылат Б. ошол учурдагы кубаттуу соода империясы Дилмундун борбору болгон. Б. з. ч. 1600–1000-ж. Дилмун начарлап, 600-жылдан Вавилонго баш ийген. Б. з. башында Б. өз алдынча эмирлик болгон, 4–6-к-дарда Б-дин аймагы Сасаниддер мамлекетинин, кийин Араб халифатынын курамына кирген. 9–11-к-да Омейяддар династиясынын, кийин Аббасиддердин карамагына өткөн. 13-к-дын ортосунда Б. көз каранды эместикке ээ болот, бирок көп өтпөй Ормуз эмирлигине бириктирилет. 16-к-дын башында португалиялыктар тарабынан басып алынган. 17-к-дын биринчи чейрегинде португалиялыктар өлкөдөн куулган, кийин Ирандын курамына кирген. 18-к-дын 80-жылдарында Эл-Халиф уруусунан чыккан араб шейхтери Б-дин көз каранды эместигин жарыялашкан. 19-к-дын башынан Б-ге англичандар келе баштаган. Жерг. шейхтер м-н бир нече келишимдерди түзүү аркылуу (1820, 1847, 1861), 1861-ж. Улуу Британия Б-ди өзүнүн протекторатына айландырат. Биринчи дүйнөлүк согуш жылдарында (1914–18) бул жерде британдык согуш базасы жайгаштырылган. 20-к-дын башынан Б-ге амер. нефть компаниялары келе баштаган. 1932-ж. нефть өндүрүүнүн башталышы Б-дин өнүгүүсүн шарттаган. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында (1939–45) Британ өкмөтү мында ири аскердик күчтөрүн алып келген. 1968-ж. Б. Катар ж-а Оман Султандыгы м-н бирдикте Перс булуӊундагы араб эмирликтеринин Федерациясын түзгөндүгүн жарыялайт. Улуу Британия ж-а Иран өкмөттөрүнүн өтүнүчү м-н БУУнун Генералдык секретары У Тан Б-ге өлкөнүн келечек статусу ж-дөгү маселеге карата мамилесин аныктоо үчүн 1970-ж. атайын комиссия жөнөтөт. Калктын басымдуу көпчүлүгү Б-дин көз каранды эместиги үчүн добуш берген. 1971-ж. 14-августта Б-дин көз каранды эместиги жарыяланган.
Б. – Араб мамлекеттеринин лигасы ж-а Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин мүчөсү; ал Сауд Аравиясы ж-а АКШ м-н тыгыз кызматташат. 1949-жылдан Перс булуңун кайтаруу м-н алектенген АКШнын 5-деңиз флотунун базасы Б-де жайгашкан. 2002-ж. «Бахрейн мамлекетинин» расмий аталышы «Бахрейн королдугу» деп өзгөртүлүп, эмир Хамад ибн Иса Аль-Халифа (1999-жылдан тактыда) корол деп жарыяланган.
Экономикасынын негизин нефть ж-а жаратылыш газы түзөт. Ички дүӊ продукциясындагы өнөр жайдын үлүшү 41%, а. ч-ныкы 1,1%. Ички улуттук продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 19,2 миӊ доллардан (АКШ) туура келет. Нефть экспорттун 80%ин, ички кирешенин 20%ин түзөт. Нефть ажыратуу, нефть-хим., кеме ремонттоочу, цемент өнөр жайы, алюминий эритүүчү з-д (Перс

булуӊундагы эӊ ири өндүрүш) бар. Айдоо жери өлкөнүн жалпы аянтынын 1,4%ин ээлейт. Оазис дыйканчылыгы өнүккөн. Бахрейн, Мухаррак, Ситра а-нда дан эгиндери (жүгөрү, буудай, арпа), курма, жаӊгак, банан, бадам, жашылча, жемиштер өстүрүлөт. Балык кармалып, бермет чогултулат. Автомобиль жолунун уз. 3459 км (2002). Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн. Деӊиз порттору: Манама, Ситра. Эл аралык аэропорту (Мухаррак а-нда) бар. Сыртка нефть ж-а нефть продуктуларын, алюминий, пластмасса, хим. өнөр жай товарларын ж-а транспорт тетиктери, бермет чыгарат. Тышкы соода шериктери: Сауд Арабстаны, АКШ, Улуу Британия, Япония.
Араб ж-а Иран мад-тын сакташат. Байыркы арх-ралык комплекстери шумер доору (Барбар храм комплекси, о. эле б. з. ч. 3-к-дын курулуштарынын калдыктары ж. б.) м-н байланыштуу. О. кылымдагы арх-расында мусулман мад-ты сакталган (мис., Манамадагы мечит, 11-к.). Ошол мезгилде португалиялык колониялаштырууга тиешелүү курулуштар пайда болгон. 1970-жылдары тарыхый мекемелерди калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн. 20-к-дын 2-жарымында арх-ралык эстеликтер арасында Б. ун-ти (япон арх. Кэндзо Тангэнин долбоору б-ча), Бейт аль-Коран комплекси (мечити, китепканасы, 1990-ж. ачылган Манама музейи м-н) Б. ж-а Сауд Аравиясын байланыштырып турган король Фахд көпүрөсү (1986) сакталган. Азыркы сүрөт иск-восу экспрессионизм, (Абд аль-Латиф Муфиз), салттуу араб каллиграфиясы (Абд аль-Илан аль-Араб), реализм (Абд-аль-Азиз бин Мухуммад аль-Халиф, Рашид Свар, Ахмад Синни ж. б.) сыяктуу ар кандай багытта өнүккөн. 1983-ж. уюшулган Сүрөтчүлөр коому-салттуу ж-а заманбап иск-во көргөзмөлөрүн уюштуруп турат. О. эле тилин, динин ж. б. улуттук каада-салттарын кадырлашат. Фольклордук чыгармалары, айрыкча салт ырлары өнүккөн. Көлөмдүү көркөм адабий чыгармалары бар.
Ад.: Бодянский В. Л. Современный Бахрейн. М., 1976; Журавлев А. Ю. Социально-экономическое развитие Бахрейна (1930–1990), Большая Российская энциклопедия. 3 Т. М., 2005.