БАШКАРУУЧУ ТҮЗҮЛМӨ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАШКАРУУЧУ ТҮЗҮЛМӨ – башкарылуучу объектиге башкаруу алгоритмине ылайык таасир берүүчү түзүлмө. Б. т-нү (А) ж-а башкарылуучу объектини (В) ичине алган автоматтык башкаруу системасынын түзүлүш схемасы чиймеде көрсөтүлгөн. Башкаруу үчүн Б. т. объектиге башкаруучу таасир берет. Башкаруунун максаты объектинин ишин мүнөздөөчү кандайдыр I критерийин экстремумга (эӊ чоӊ же эӊ кичине мааниге) жеткирүү. Эгер I чоӊдугунун эӊ кичине маанисин алуу керек болсо, анда I(х, х’)=мин. (1) шарты аткарылыш керек, мында х – объектинин чыгыш чоӊдугу, х’ – системанын кириш чоӊдугу. Автоматтык жөндөө системасында х чоӊдугу х’тен көп айырмаланбашы керек: I (х, х’) = (х–х’) 2 = мин. (2). Мында башкаруунун максаты толук аткарылбайт, анткени объектиге (В) башкаруучу таасирден (и) башка да алдын ала билүүгө мүмкүн болбогон кедерги (z) күч таасир кылат. Ошондуктан х жалаӊ эле ига эмес zке көз каранды: х=х(u, z) (3). Жакшы башкаруу үчүн Б. т. башкарылуучу объект ж-дөгү бардык маалыматтарды эсепке алып ж-а алардын негизинде башкаруучу таасирди (и) берип турушу керек. Бирок көп учурда, башкарылуучу объект ж-дөгү маалымат жок же жетишсиз болушу мүмкүн. Ошондуктан Б. т-нүн кириш таасиринин (х’) учурдук мааниси м-н бирге
Схема бар
объектинин абалы ж-дөгү маалыматтар да объектинин чыгышын Б. т-нүн кириши м-н байланыштырып туруучу тескери байланыштын зым кермеси аркылуу берилет. Кедергинин (z) учурдук маанисин өлчөөгө мүмкүн болсо, ал дагы Б. т-гө берилет (чиймеде пунктир сызыгы). Алынган х, х’, z маанилеринин негизинде башкаруучу таасир чыгарылат: и=и(х, х’, z) (4). Бул көз карандылык Б. т-нүн алгоритми деп аталат. Алгоритм татаал болушу да мүмкүн. Мис., и чоӊдугу учурдук маанилерге гана эмес системанын абалына да көз каранды болгон учурда, Б. т-гө эске тутуучу блоктор бириктирилет. Эгер Б. т-нүн алгоритми (4) I критерийинин эӊ кичине маанисин бере алса, анда ал – оптималдуу Б. т., ал эми автоматтык башкаруу системасы оптималдуу система деп аталат.