БАЯНДАМАЧЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БАЯНДАМАЧЫ ''' – коомдо болуп жаткан ар кыл саясий, экон., социалдык, маданий ж. б. процесстерди, окуялар м-н көрүнүштөрдү мезгилдүү маалымат каражаттарында чечмелеп, талдап, түшүндүрүп туруучу журналист, чыгармачыл кызматкер. Бул багытта иштеген адамдын өзүнүн тандап алган темасы болот. Баяндамада журналисттин билими, тажрыйбасы, жекече жөндөмдүүлүгү, устаттыгы, ээлеген орду ж-а көз карашы айкын көрүнөт. Ошондуктан журналист-Б. аудиториянын кызыгуусун пайда кылып, ага коомдук турмушта жүрүп жаткан окуялар, көрүнүштөр, өзгөчөлүктөр ж-дө ынанымдуу айтып берүүсү, алдыӊкы, жаӊы көзкараштарды жактап, инсандардын «өздүк стратегиясынын» өркүндөшүнө көмөк көрсөтүүсү, окуялардын маӊызын ачып, турмушта орун алган карама-каршылыктарды талдоосу; коомдогу маанилүү маселелердин практикалык жагынан чечилишине көмөк көрсөтүүсү – негизги талап. Ар бир Б. тийиштүү коомдук уюмдар, социалдык топтор, саясий партиялар ж. б. үчүн кызмат кылат, демек, анын өздүк орду аудиторияга түшүнүктүү болууга тийиш.
'''БАЯНДАМАЧЫ ''' – коомдо болуп жаткан ар кыл саясий, экономикалык, социалдык, маданий ж. б. процесстерди, окуялар менен көрүнүштөрдү мезгилдүү маалымат каражаттарында чечмелеп, талдап, түшүндүрүп туруучу журналист, чыгармачыл кызматкер. Бул багытта иштеген адамдын өзүнүн тандап алган темасы болот. Баяндамада журналисттин билими, тажрыйбасы, жекече жөндөмдүүлүгү, устаттыгы, ээлеген орду жана көз карашы айкын көрүнөт. Ошондуктан журналист-Баяндамачы аудиториянын кызыгуусун пайда кылып, ага коомдук турмушта жүрүп жаткан окуялар, көрүнүштөр, өзгөчөлүктөр жөнүндө ынанымдуу айтып берүүсү, алдыӊкы, жаӊы көз караштарды жактап, инсандардын «өздүк стратегиясынын» өркүндөшүнө көмөк көрсөтүүсү, окуялардын маӊызын ачып, турмушта орун алган карама-каршылыктарды талдоосу; коомдогу маанилүү маселелердин практикалык жагынан чечилишине көмөк көрсөтүүсү – негизги талап. Ар бир Баяндамачы тийиштүү коомдук уюмдар, социалдык топтор, саясий партиялар ж. б. үчүн кызмат кылат, демек, анын өздүк орду аудиторияга түшүнүктүү болууга тийиш.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:16, 16 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БАЯНДАМАЧЫ – коомдо болуп жаткан ар кыл саясий, экономикалык, социалдык, маданий ж. б. процесстерди, окуялар менен көрүнүштөрдү мезгилдүү маалымат каражаттарында чечмелеп, талдап, түшүндүрүп туруучу журналист, чыгармачыл кызматкер. Бул багытта иштеген адамдын өзүнүн тандап алган темасы болот. Баяндамада журналисттин билими, тажрыйбасы, жекече жөндөмдүүлүгү, устаттыгы, ээлеген орду жана көз карашы айкын көрүнөт. Ошондуктан журналист-Баяндамачы аудиториянын кызыгуусун пайда кылып, ага коомдук турмушта жүрүп жаткан окуялар, көрүнүштөр, өзгөчөлүктөр жөнүндө ынанымдуу айтып берүүсү, алдыӊкы, жаӊы көз караштарды жактап, инсандардын «өздүк стратегиясынын» өркүндөшүнө көмөк көрсөтүүсү, окуялардын маӊызын ачып, турмушта орун алган карама-каршылыктарды талдоосу; коомдогу маанилүү маселелердин практикалык жагынан чечилишине көмөк көрсөтүүсү – негизги талап. Ар бир Баяндамачы тийиштүү коомдук уюмдар, социалдык топтор, саясий партиялар ж. б. үчүн кызмат кылат, демек, анын өздүк орду аудиторияга түшүнүктүү болууга тийиш.