БЕГАЛИЕВ Сопубек: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БЕГАЛИЕВ Сопубек (29. 3. 1931, Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Чоӊ-Таш кыш. – 9. 10. 2002, Бишкек) – мамл. ж-а коомдук ишмер; Кыргыз ССРинин эмг. сиӊ. экономисти (1979). Москва мамл. экономика ин-тун бүтүргөн (1954). Кыргыз ССРинин Мамл. пландоо комитетинде инженер-экономист (1954–57), бөлүм башчысы (1957–60), комитеттин төрагасынын орун басары (1960–61). 1961–62-ж. Кыргызстан КП БКда бөлүм башчынын орун басары, Кыргызстан КП БКнын мүчөсү (1961–91). 1962–64-ж. Кыргыз ССРинин Коммуналык чарба (1963-ж. чейин Жерг. чарба министрлиги деп аталган) министри, 1964–68-ж. Кыргыз ССР Мамл. пландоо комитетинин төрагасынын 1-орун басары. 1968–91-ж. Мамл. пландоо комитетинин төрагасы – Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Кыргыз ССР Министрлер Советинин Президиумунун мүчөсү (1968–91). Б. Кыргызстандын экон. потенциалынын өсүшүнө зор салым кошкон. Бул мезгилде өндүрүш тармактары 2,5 эсеге, айрымдары 5 ж-а 10 эсеге чейин өскөн. 1991–94-ж. Мамл. пландоо комитетинин төрагасынын ж-а экономика борборунун директорунун кеӊешчиси, 1994–2002-ж. Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын Кеӊешинин 1-төрагасы болгон. Анын «Пятилетка качества и эффективности» аттуу эмгеги 1977-ж.
жарык көргөн. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 6 жолку депутаты (1963–90). Үч Эмгек Кызыл Туу, «Манас», РФтин «Дружба» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
