БЕДЕ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БЕДЕ (Меdicago) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы көп же бир жылдык чөп. 100дөн ашык түрү белгилүү. А. ч-сы үчүн көк, сары, көгүлтүр, гибрид Б-лердин мааниси чоӊ. Ал көп сабактуу, бийикт. 70–90 см, айрымдары 150 смден ашык. Жалбырагы сүйрү, үч ача, кезектешип жайгашат. Гүлү көгүш, кочкул көк, сары. Мөмөсү – көп уруктуу чанак. Себилген урук 8–10°С жылуулукта 7–8 күндөн кийин өнүп чыгат. Тамыры өзөктөп, тамырлап, 5–10 мден тереӊ кетет. О. Азияда ж-а

Кавказда ар түрдүү айдама ж-а жапайы Б. көп кезигет. Миӊ жыл мурдатан эле эгилип, малга тоют катары колдонулган. Б. топурак катмарын орг. заттар, азот ж. б. элементтер м-н байытып, топурактын структурасын жакшыртат, пахтанын вилт илдетин козгогучтардан арылтат, топурактын шорлуулугун азайтат. Баалуу биол. касиетине, чарбалык маанисине жараша бардык жерде кеӊири таралган. Тоют үчүн жазында арпа м-н кошо себилип, фосфор, калий семирткичтери м-н азыктандырылат. 3–5 жолу чабылып, жашыл чыктуу ж-а кесек тоют катары пайдаланылат. Ал 2–3, ал эми которуштуруп айдаганда 5 жылга чейин өстүрүлөт. Б. уругун алууга Кант машина сыноо станциясы, Кыргыз кант кызылчасы б-ча тажрыйба чарбасы ж. б. көптөгөн дыйкан чарбалары адистештирилген. Чүйдө жерг. Береке, Манас, «Токмок», Ошто жерг. Өзгөн, көк беде сорттору р-ндоштурулган. Зыянкечтери: беде кенеси, беде шиш тумшугу ж. б. Илдеттери: чаӊгыл кебер, аскохитоз ж. б. Аларга каршы күрөшүү чарасы: фунгицид чачуу, агротехниканы туура жүргүзүү. Б-ге сары чырмоок чоӊ зыян келтирет.
Ад.: Иванов А. И. Люцерна. М., 1980; Семеноводство люцерны в Киргизии. Ф., 1984; Карабаев Н. А. Роль послеуборочных растительных остатков агроценозов для плодородия почв. Ф., 1985.
Н. А. Карабаев.