БЕЗГЕК ЧИРКЕЙИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БЕЗГЕК ЧИРКЕЙИ , а н о ф е л е с (Anopheles) – курт-кумурскалар классындагы чиркейлер уруусу. Оозу сайып сорууга ылайыкталган. Буттары денесинен эки эсе узун; ургаачысы айбан ж-а адам канын сорот, эркеги өсүмдүк ширеси м-н азыктанат. Жумурткасын нымдуу жерге таштайт. Өөрчүшү сууда өтөт. Жумурткадан өөрчүп чыккан личинка 4 жолу түлөп, куурчакчага айланат. Жер шарында 300, КМШ өлкөлөрүндө 7 түрү, о. эле Кырг-нда да учурайт. Алар безгек мителерин оорулуудан таза адамга жугузат. Чиркейдин чагышынан сактаныш үчүн ар түрдүү дарылар, көбүнчө диметилфталат пайдаланылат.