БЕЗОАРЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БЕЗОАРЛАР (персче бадзар – жайташ) – жылкы, чочко, ит ж-а кепшөөчү жаныбарлардын ичеги-карынында кыл, жүн, жем-чөптүн тоголоктошуп, катып калышынан пайда болуучу ылаӊ. Каткан чогундунун салм. кээде 2 кгга жетет. Мындан ичеги бүтөлүп калса, мал өлөт. Ал узак убакыт кесек тоют берүүдөн, сапатсыз жем чөптөн, ачка болуп, жүн жегенден пайда болот. Мындай учурда малдын тынчы кетип, темп-расы көтөрүлөт, жүрөгү тез кагып, энтигет. Жем, чөптү начар жейт. Алдын алуу үчүн тоюттандырууну жакшыртуу, операция жасоо керек.