БЕЙИШ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БЕЙИШ – дүйнөлүк диндердеги (христианчылык, ислам, иудаизм, буддизм) түшүнүк б-ча дин жолундагылардын жаны үчүн «тиги дүйнөдөн» берилген түбөлүк жыргалчылык, ыракат жай. Бул түшүнүк алгачкы коомдо эле пайда болгондугун археол. изилдөөлөр ырастайт. Исламда Б. ал-Жанна, жаннат, б. а. бейиш багы деп аталат. Библияда (Эски осуятта) Б. Адам ж-а Ева жерге куулганга чейин жашаган ажайып бак катары сүрөттөлөт. Кийин христиандык дин окуусунун өнүгүшү м-н дин жолундагылар кайрылып келе турган Б. ж-дөгү идея бекемделет. Б-тин жыргалчылыгы көптөгөн диндерде жердеги кылган күнөөлөрү үчүн жазаланып
түшкөн «тиги дүйнөдөгү» тозок түшүнүгүнө карама-каршы коюлат, к. Жаннат.