БАРАБАРСЫЗДЫК: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page БАРАБАРСЫЗДЫК – to БАРАБАРСЫЗДЫК) |
(Айырма жок)
|
09:40, 4 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы
БАРАБАРСЫЗДЫК – каалагандай эки а1 жана а2 сандарын төмөнкү белгилердин: < (кичине), (кичине же барабар), >(чоӊ), (чоӊ же барабар), (барабар эмес) бирөө менен гана байланыштыруучу катыш, б. а. а1<а2, а1а2, а1>а2, а1а2, а1а2. Кээде бир нече Барабарсыздык бирге жазылат, мисалы, а<b<c. Эгер Барабарсыздыктын эки жагына теӊ бир эле санды кошсок (же кемитсек), ал өзгөрүүсүз калат. Ушул сыяктуу эле Барабарсыздыктын эки жагын теӊ бир эле оӊ санга көбөйтүүдөн ал өзгөрбөйт. Бирок Барабарсыздыктын эки жагын теӊ терс санга көбөйтсө, анын белгиси карама-каршысына өзгөрөт (б. а. < белгиси >белги м-н, ал эми > белгиси < белгиси м-н алмаштырылат). A < B ж-а C<D дан A + C < B +D ж-а A – D< B– C Барабарсыздыктары келип чыгат, б. а. бир маанилеш Барабарсыздыктарды (A < B ж-а C<D) мүчөлөп кошууга, ал эми түрдүү маанидегилерди (A < B ж-а D > C) мүчөлөп кемитүүгө болот. Эгер A, B, C ж-а D оӊ сандары берилсе, анда A < B ж-а C<D Барабарсыздыктарынан AC < BD ж-а A B D C Барабарсыздыктары келип чыгат.