БАРАТАЛИЕВ Керим: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

09:07, 25 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БАРАТАЛИЕВ Керим (1937-жылы туулган, Сузак району, Кайтпас айылы) – математика илимдеринин кандидаты (1964), профессор (1998); КРдин Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2006). 1961-жылы КМУнун физика-математика факультетин бүтүргөн. 1964-жылдан КМУнун математикалык анализ кафедрасынын окутуучусу, доценти, профессор, 1992-жылдан ал кафедранын башчысы. Эл агартуунун отличниги (1985). Илимий иштери негизинен үчүнчү түрдөгү интергалдык теӊдеменин жалпы теориясын түзүүгө арналган. Бир нече илимий эмгектин, анын ичинде 1 монография жана ЖОЖдор үчүн окуу китептеринин автору.
Эмг.: Некоторые методы решения некорректных задач математической физики. Б., 1991; К теории интегральных уравнений третьего рода. Б., 2004; Математикалык анализ. I–II бөлүк. Б., 2000–2002.