БАРУЗДИН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БАРУ&#769;ЗДИН ''' '''Юрий Дмитриевич''' (1926, Ленинград облусу, Красный Холм кыштагы – 1963, Фрунзе) – археолог; Ош облусунун байыркы тарыхын изилдөө боюнча археологиялык экспедициялардын уюштуруучусу жана жетекчиси (1952–62). 1952-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 1952–56-жылдары Ош край таануу музейинин илимий кызматкери, 1957-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Тарых институтунун илимий кызматкери болуп иштеген. Алай жана Баткен аймагындагы археологиялык эстеликтерди изилдеген. Б. з. 1–5-кылымдарына таандык Кара-Булак (Баткен району) ж. б. көрүстөндөрдөн өтө сейрек кездешүүчү мумияланган сөөк коюлган бейиттер, кооздук буюмдар, курал-жарактар, жүндөн, жибектен токулган кездемелер табылган, ошондой эле Баткен аймагынын Ак-Дөбө кыштагынын жанынан жана Алай өрөөнүндөгү Кара-Бейиттен байыркы рун жазма эстеликтерин ачкан. «Кара-Булак бейити» (1954), «Кара-Булак бейитинен табылган колодон жасалган аялдын статуэткасы» (1961) ж. б. эмгектеринде археологиялык негиздүү маселелерди чагылдырган. <br/>''Д. Ф. Винник.''
'''БАРУ&#769;ЗДИН ''' '''Юрий Дмитриевич''' (1926, Ленинград облусу, Красный Холм кыштагы – 1963, Фрунзе) – археолог; Ош облусунун байыркы тарыхын изилдөө боюнча археологиялык экспедициялардын уюштуруучусу жана жетекчиси (1952–1962). 1952-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 1952–1956-жылдары Ош край таануу музейинин илимий кызматкери, 1957-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тарых институтунун илимий кызматкери болуп иштеген. Алай жана Баткен аймагындагы археологиялык эстеликтерди изилдеген. Биздин замандын 1–5-кылымдарына таандык Кара-Булак (Баткен району) жана башка көрүстөндөрдөн өтө сейрек кездешүүчү мумияланган сөөк коюлган бейиттерди, кооздук буюмдар, курал-жарактар, жүндөн, жибектен токулган кездемелер табууга катышкан, ошондой эле Баткен аймагынын Ак-Дөбө кыштагынын жанынан жана Алай өрөөнүндөгү Кара-Бейиттен байыркы рун жазма эстеликтерин ачкан. «Кара-Булак бейити» (1954), «Кара-Булак бейитинен табылган колодон жасалган аялдын статуэткасы» (1961) жана башка эмгектеринде археологиялык негиздүү маселелерди чагылдырган. <br/>''Д. Ф. Винник.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

06:56, 19 Июнь (Кулжа) 2024 -га соңку нускасы

БАРУ́ЗДИН Юрий Дмитриевич (1926, Ленинград облусу, Красный Холм кыштагы – 1963, Фрунзе) – археолог; Ош облусунун байыркы тарыхын изилдөө боюнча археологиялык экспедициялардын уюштуруучусу жана жетекчиси (1952–1962). 1952-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 1952–1956-жылдары Ош край таануу музейинин илимий кызматкери, 1957-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тарых институтунун илимий кызматкери болуп иштеген. Алай жана Баткен аймагындагы археологиялык эстеликтерди изилдеген. Биздин замандын 1–5-кылымдарына таандык Кара-Булак (Баткен району) жана башка көрүстөндөрдөн өтө сейрек кездешүүчү мумияланган сөөк коюлган бейиттерди, кооздук буюмдар, курал-жарактар, жүндөн, жибектен токулган кездемелер табууга катышкан, ошондой эле Баткен аймагынын Ак-Дөбө кыштагынын жанынан жана Алай өрөөнүндөгү Кара-Бейиттен байыркы рун жазма эстеликтерин ачкан. «Кара-Булак бейити» (1954), «Кара-Булак бейитинен табылган колодон жасалган аялдын статуэткасы» (1961) жана башка эмгектеринде археологиялык негиздүү маселелерди чагылдырган.
Д. Ф. Винник.