БАСЫМ (тил илиминде): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

05:02, 9 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БАСЫМ т и л и л и м и н д е – эки же көп муундуу сөздөрдүн бир муунунун башка муундарынан бөлүнүп күчтүү айтылышы. Азыркы тил илиминде Басым үч топко бөлүнөт: 1) сөздөгү басымдуу муунду күчөтүү – динамикалык Басым (мисалы, орус тилинде); 2) үн тонунун өзгөрүшү – тондук же музыкалык Басым (мисалы, дунган, кытай, япон тилдеринде); 3) сөздөгү басымдуу муун басымсыз муундан айтылыш убакыты боюнча айырмаланган – созулма Басым (немец тилинде). Орус тилинде Басым сөз айырмалоо үчүн колдонулат (мука – ун, мука – азап).