БАТКЕН шаары: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page БАТКЕН to БАТКЕН шаары) |
(Айырма жок)
|
10:19, 9 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы
БАТКЕН – Баткен облусундагы шаар (2002-жылдан); Баткен облусунун жана районунун борбору. Алай кырка тоосунун этегинде деӊиз деӊгээлинен 1055 км бийиктикте жайгашкан. 1896-жылы орношкон. Калкы 24,4 миӊ (2017). Шаарда негизинен кыргыздар (96,6%, 1999) жашайт. Ошондой эле өзбек, тажик, түрктөр да бар. Тамак-аш комбинаты, «Заман» (май заводу), «Агротехсервис» ж. б. ишканалар иштейт. Шаар аркылуу Исфана – Ош –
Бишкек автомобиль жолу өтөт. Баткен мамлекеттик университети, 2 орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, 2 бала бакча, китепканалар, оорукана, кургак учук диспансери, бейтапкана, санитария-эпидемиологиялык станция, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.
