БАТРАКТАР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page БАТРАКТАР – to БАТРАКТАР) |
(Айырма жок)
|
05:52, 11 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
БАТРАКТАР – айыл чарбасында жалданган жумушчулар, негизинен жакырданган дыйкандар. Алар кара күчүн сатып жан багышкан. Мал мүлкү, жери жок, айрымдарынын гана жарыбаган жери болгон. 20-кылымдын башында Кыргызстанда 20 миӊге жакын жумушчу-батрактар айыл чарбасында иштеген. Кыргызда кедейлердин, малайлардын төмөндөгүдөй түрлөрү болгон: бай-манаптардын эгинин айдап, чөбүн өстүрүп, анын түшүмүн жыйнаган аштыкчы малай; коюн багып, кайтарган койчу малай, жылкычы малай ж.б. Совет бийлиги орногондон кийин 1927–28-жылдары жер-суу реформасынын жүрүшүндө Батрактарга жер, мал берилген. Алардын кызыкчылыгын жактоо үчүн алгач «Кошчу» союзу (1920), кийин ал «Жарды-жалчы» уюму (1929) болуп кайра түзүлгөн. Коллективдештирүүнүн учурунда Батрактар колхоздорго, айыл чарба артелдерине киришкен жана социалдык катмар катары жоюлган.
К. Дүйшөналиев.