БАТЫШ ТҮРК КАГАНДЫГЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАТЫШ ТҮРК КАГАНДЫГЫ ''' – | '''БАТЫШ ТҮРК КАГАНДЫГЫ''' – Улуу Түрк кагандыгынын (кара: [[Ашина]]) экиге бөлүнүшүнүн натыйжасында пайда болгон ири империя (603–704). Түрк кагандыгы 582-жылдан бийлик үчүн узакка созулган ич ара карама-каршылыктардын натыйжасында жиктеле баштап, 603-жылы Батыш жана [[Чыгыш Түрк кагандыгы]]на бөлүнгөн. Батыш Түрк кагандыгына мурдагы Түрк кагандыгынын курамындагы [[Орто Азия]]нын ири бөлүгү, анын ичинен [[Жети-Суу]] (азыркы [[Кыргызстан]], [[Казакстан]]), Фергана, ошондой эле [[Чыгыш Түркстан]]дан тышкары, [[Алтай]], Жунгария, Чыгыш Түркстандан [[Сыр-Дарыя]]га; түндүктө – [[Иртыш]]тан Түштүк Урал – Итилге ([[Волга]]) чейинки аймактар караган. Батыш Түрк кагандыгынын бул чек арасы согуш жүрүштөр жана анын жыйынтыктарына жараша өзгөрүлүп турган. Чүй өрөөнүндөгү [[Суйаб]] шаары (азыркы [[Токмок шаары]]на жакын [[Ак-Бешим шаар калдыгы]]) көп убакыт бою анын борбору болгон. Мамлекеттин башында каган туруп, ал мамлекеттин ички жана тышкы иштерин башкарып, уруу башчыларын дайындаган. 603-жылы Батыш Түрк кагандыгы расмий түрдө өз алдынча мамлекет болуп бөлүнгөндө анын тагына Эл-тегин Буйурук (Нили-хан) отурган (603–604). Калкы [[дулу]] жана [[нушиби]] уруулук бирикмелеринен турган «он ок эли» («он ок будун») деп аталган. Кагандыктын курамына [[карлуктар]], [[чигилдер]], тухсилер ж. б. уруулар да кирген. Карапайым калк «кара будун», ал эми элдин эӊ төмөнкү, көз каранды тобу «тат» (М. [[Кашгари]] боюнча түрктөр бул сөздү мазактоо иретинде перстерге каршы колдонушкан) деп аталган. Батыш Түрк кагандыгы аркылуу ''У''[[луу Жибек жолунун]] өтүшү да маданияттын жогорулашына чоӊ таасир берген. Өлкөдөгү Кулан, Невакет, Суйаб, [[Тараз]], [[Мерке]], [[Испиджаб]] шаарлары соода, маданияттын борбору катары атагы чыккан. Аймактагы элдердин арасында саясий жана экономикалык байланыштардын таралышына согдулук көпөстөрдүн таасири катуу тийген. Дыйканчылык, кол өнөрчүлүк, курулуш иштери өнүккөн. Тыйын жасап чыгарышкан. Андагы жазуулар согду тилинде жазылган. Батыш Түрк кагандыгынын калкы Көкө теӊирге'','' Умай энеге'','' жер-сууга тайынышкан. Дулу уруусунан чыккан Таман (Ашина Таман) каган (604–612) дулу жана нушиби уруу бирикмелеринин бийлик үчүн күрөшүн токтотуу үчүн өлкөнү үчкө бөлүп, эки кичи кагандын бири өлкөнүн чыгышын (ордосу [[Жылдыз]] өрөөнүндө), экинчиси анын батышын (ордосу [[Ташкент]]), өзү борбордук бөлүгүн башкарган. Таманга эки кичи каган вассал катары баш ийишкен, бирок кагандыкта саясий абал начарлай баштаган. Жуӊгарияда жашаган теле уруулары көтөрүлүш чыгарып (605), кагандыктан бөлүнүп кетишкен. Алар кербендерди талап-тоноп, сооданы өнүктүрүүгө тоскоолдук кылышкан. Чыгыш Түркстан, Орто Азиядагы шаарлар, ээликтер өз алдынча [[Кытай]] менен байланыш түзө башташкан. Нушиби уруусунан чыккан Шегуй Таман каганга каршы чыгып, жеӊишке жеткен. Шегуй кагандын тушунда (610–618) өлкөнүн саясий абалы бир топ оӊолуп, [[Согду]] жана [[Тарим]] өрөөндөрүндөгү бийлик ээлери кайрадан Батыш Түрк кагандыгынын вассалына айланышкан. Бир гана Турпандын башкаруучусу Кытайга көз каранды бойдон кала берген. Шегуйдун иниси Тон жабгу-каган (618–630) өлкөдө өз бийлигин чыӊдоо үчүн административдик-акимдик реформа жүргүзгөн. 618-жылы жергиликтүү башкаруучуларды кагандыктын аким, аткаминерлерине айландыруу үчүн аларга титулдарды берген. Жергиликтүү акимдерди көзөмөлдөө үчүн өкмөттүн өкүлдөрү дайындалган. Буга чейин салыктарды жергиликтүү акимдер чогултуп, анын жарым үлүшүн алып келсе, эми аларды кагандын өкүлдөрү чогулта баштаган. Кала берсе жергиликтүү башкаруучуларды түрк төрөлөрү менен алмаштырган. 619-жылы Жуӊгариядагы теле урууларын кайрадан Батыш Түрк кагандыгына бириктирген. Мунун натыйжасында өлкөнүн чыгыш чек арасы Алтайга чейин созулуп, бул учурда Батыш Түрк каганаты өтө кубаттуу өлкөгө айланган. Тон жабгу-каган батышта [[Иран]]га каршы ийгиликтүү жортуулдарды уюштуруп, 616–617-жылдары иран шахынын аскер башчысы Смбат Багратуни [[Тохарстан]]ды басып киргенде [[эфталит]]терге жардамга барган. Тохарстан ирандыктардан бошотулуп, анын башкаруучусу болуп Тон жабгунун уулу Тарду шад дайындалган. Мындан тышкары, батыш түрк аскерлери [[Афганистан]]ды жана [[Индия]]нын түндүк-батыш бөлүгүн Батыш Түрк кагандыгынын курамына кошкон. Тон жабгу-каган 615-жылы [[Византия]]лык император Ираклий менен Иранга каршы келишим түзгөн. 616-жылы түрк армиясы [[хазар]]лар менен бирдикте Дербент шаарын, 618-жылы алар византиялык армия менен бирге [[Тбилис]]ти алышкан. Мындан кийин Тон жабгу каган ордосуна кайтып келет. Жортуулду анын уулу Бури шад улантып, Агванды басып кирген. 630-жылы түрк армиясы [[Армения]]га басып кирген, бирок түрк кагандыгындагы ич ара талаштардын келип чыгышына байланыштуу [[Кавказ]]дан кайтып кетишкен. Ошол эле жылы Тон жабгунун аталаш агасы Күлүк Сыби (Шибир) багадур дулулардын колдоосу менен каганды өлтүрүп, тактыга олтурган. ал [[нушиби]] жана [[дулу]] уруу жол башчыларынын бийлик үчүн күрөшүнүн жүрүшүндө 631-жылы өлтүрүлгөндөн кийин нушиби уруулары күч алып, алар Нишу Дулуну (Ашина Нишу, бийликтеги аты–Долу кэхань) хандыкка (633–634) шайлаган. Бул уруу ушундан баштап Батыш түрк кагандыгына үстөмдүк кылып калган. Алар Улуу Жибек жолунун маанилүү түйүнү болуп саналган Самарканд, Шаш (Ташкент), Куча, Карашаар ж. б. көзөмөлгө алууга жетишип, натыйжада дулу уруулар менен араздыктар күчөгөн. 634–638-жылы бийлик кылган Шаболо Хилиши хан (Л. Гумилев боюнча Ышбара Хилаш каган, Дулу хандын иниси) Батыш Түрк кагандыгындагы ич ара карама-каршылыкты жоюу үчүн административдик реформа жүргүзүп, саясий жактан маанилүү роль ойногон урууларды «он ок будунга» («он ок эли») бөлгөн, б. а. күчтүү уруунун бири экенин белгилеп аларга бирден жебе (ок) берген. Анын бир бөлүгүнө беш уруудан турган дулулар бирикмеси кирип, алар Чүй суусунун чыгышына, ал эми калган беш уруу нушиби батышына ээ болгон. Иби Дулу хан Юйгу Ше (түркчө Йукук Ирбис-Дулу хан, кыт. Ипидолу кэхань, өздүк аты Ашина Юйгу) хан (638–653) келгенден кийин аны менен дулулар койгон Ышбара-Толис-шад (өздүк аты Ашина Тунъэ, бийликтеги аты Шаболосилиши/Хилиши кэхань) хандын (634–639) ортосунда согуш жүрүп, эки тарап тең аябай көп чыгым тарткан. Акыры 638-жылы Иле дарыясынын боюнда экөө келишим түзүп, ал боюнча Батыш Түрк кагандыгы дагы экиге бөлүнгөн. Иле өзөнүнүн чыгышы Ышбара-Толис-шаддын кол алдында калып, Сыр-Дарыядан Илеге чейинки жерлер толук Дулу-хандын карамагына өткөн. Ал өз ордосун кытай тилинде «Цзихэ» деп аталган тоонун батышына орноткон жана аны түндүктөгү ордо деп атаган. Муну менен кошо Дулу-ханга Бома, Кыргыз (Цзегу, Гйегу, Хягас) сыяктуу көптөгөн өлкөлөр баш ийип калган. Мындан кийин Дулу-хан Тухолону (Тохарстан) каратып, андан кийин Кангюй (Каңлы) жана Сяоми (Согду) өлкөлөрүн өзүнө баш ийдирген. Натыйжада Дулу-хандын ээлиги Кавказ тоолоруна чейин жеткен. Чыгышта болсо көп өтпөй Ышбара-Толис-шадга каршы нушибилер козголоң чыгарып, Иби Шаболо Шеху (Ирбис-Ышбара-жагбу хан) деген ат менен жаңы ханды такка отургузушкан. Ал өз ордосун Чүй (Суй-хэ) суусунун түндүгү, Иле дарыясынын чыгышына көчүрүп, аны «Түштүк ордо» деп атаган жана Дешт-и Кыпчактын чыгышынан Чыгыш Түркстандагы Хамиге чейинки жерлер анын карамагына өткөн. Бирок алар менен дулулардын чыр-чатагы уланып, натыйжада алардын ар бири Тан династиясынан колдоо алууга умтулушкан. Мындай кырдаалды пайдаланган Тан императорлору эки тарапты гана эмес, Батыш Түрк кагандыгындагы уруу башчыларын бир-бирине тукурууга киришкен. Нушибиден чыккан Иби Шегуй хан (642–650) императордун кызына жуучу салып, аны менен туугандашууга аракет кылат, бирок ал кызынын калыңына Куча, Котон, Кашкардан баштап, Памир (Цун-лин) тоолоруна чейинки аймакты сураган. Шегуй хан ага көнгөн эмес, ошондуктан Истеми кагандын бешинчи муундагы тукуму Ашина Хелу (Шаболокэхань, Л. Гумилев боюнча Халлыг Ышбара-жагбу) хан (653–657) бытырай баштаган өлкөнүн бийлигин тартып алган. Ал кагандыктагы ички тартипти бекемдөө үчүн саясий реформа жүргүзүп, нушибилерди беш тукумга (кыт. «сыгинь», түркчө «тегин»), дулуларды беш «чжого» (Л. Гумилевдун пикиринде байыркы кыт. тилинде «хоу» болуп, «граф» деген титулду түшүндүргөн, түркчө «чур») бөлгөн. Ашина Хелу көп өтпөй Тан империясына каршы согуш баштап, бирок жеңилип калган. 656-жылы кытайлыктардын аскер башчысы Су Динфан Чүй суусунун жээгине чейин жетип, алгач нушибилерди багындырган. Андан кийин Батыш түрктөрдүн каганын колго түшүрүп, Талас суусуна чейин жеткен. Бирок кытайлыктар түрктөрдү номиналдуу гана башкарган, б. а. түрктөр өз алдынча саясат жүргүзүүнү уланта берген. 657–693-жылдары мурдагы Батыш Түрк каганатынын көп бөлүгүн Тан императору дайындаган Ашина тукумунун кагандары бийлеп турган. Ашина тукумунун бири VI кылымдын 30-жылдары Хазар каганатын, дагы бири VII кылымдын 90-жылдары Түргөш каганатын негиздеген. Ушуну менен Батыш түрк кагандыгы өз жашоосун токтоткон. | ||
Ад.: Бартольд В. В. Соч. Т. II. Ч. 1. М., 1963; Кара уулу Өмүркул''.'' Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994; Гумилёв Л. Н., Байыркы түрктөр. Б., 1998; Малявкин А. Г. Танские хроники о государствах Центральной Азии. Тексты и исследования. Новосибирск, 1989; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002; Бичурин (Иакинф) Н. Я. Байыркы мезгилде Орто Азияда жашаган элдер жөнүндө маалыматтар жыйнагы. /Кырг. котормо, Б., 2016. | |||
Ө''. Караев.'' | Ө''. Караев.'' | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
08:47, 20 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
БАТЫШ ТҮРК КАГАНДЫГЫ – Улуу Түрк кагандыгынын (кара: Ашина) экиге бөлүнүшүнүн натыйжасында пайда болгон ири империя (603–704). Түрк кагандыгы 582-жылдан бийлик үчүн узакка созулган ич ара карама-каршылыктардын натыйжасында жиктеле баштап, 603-жылы Батыш жана Чыгыш Түрк кагандыгына бөлүнгөн. Батыш Түрк кагандыгына мурдагы Түрк кагандыгынын курамындагы Орто Азиянын ири бөлүгү, анын ичинен Жети-Суу (азыркы Кыргызстан, Казакстан), Фергана, ошондой эле Чыгыш Түркстандан тышкары, Алтай, Жунгария, Чыгыш Түркстандан Сыр-Дарыяга; түндүктө – Иртыштан Түштүк Урал – Итилге (Волга) чейинки аймактар караган. Батыш Түрк кагандыгынын бул чек арасы согуш жүрүштөр жана анын жыйынтыктарына жараша өзгөрүлүп турган. Чүй өрөөнүндөгү Суйаб шаары (азыркы Токмок шаарына жакын Ак-Бешим шаар калдыгы) көп убакыт бою анын борбору болгон. Мамлекеттин башында каган туруп, ал мамлекеттин ички жана тышкы иштерин башкарып, уруу башчыларын дайындаган. 603-жылы Батыш Түрк кагандыгы расмий түрдө өз алдынча мамлекет болуп бөлүнгөндө анын тагына Эл-тегин Буйурук (Нили-хан) отурган (603–604). Калкы дулу жана нушиби уруулук бирикмелеринен турган «он ок эли» («он ок будун») деп аталган. Кагандыктын курамына карлуктар, чигилдер, тухсилер ж. б. уруулар да кирген. Карапайым калк «кара будун», ал эми элдин эӊ төмөнкү, көз каранды тобу «тат» (М. Кашгари боюнча түрктөр бул сөздү мазактоо иретинде перстерге каршы колдонушкан) деп аталган. Батыш Түрк кагандыгы аркылуу Улуу Жибек жолунун өтүшү да маданияттын жогорулашына чоӊ таасир берген. Өлкөдөгү Кулан, Невакет, Суйаб, Тараз, Мерке, Испиджаб шаарлары соода, маданияттын борбору катары атагы чыккан. Аймактагы элдердин арасында саясий жана экономикалык байланыштардын таралышына согдулук көпөстөрдүн таасири катуу тийген. Дыйканчылык, кол өнөрчүлүк, курулуш иштери өнүккөн. Тыйын жасап чыгарышкан. Андагы жазуулар согду тилинде жазылган. Батыш Түрк кагандыгынын калкы Көкө теӊирге, Умай энеге, жер-сууга тайынышкан. Дулу уруусунан чыккан Таман (Ашина Таман) каган (604–612) дулу жана нушиби уруу бирикмелеринин бийлик үчүн күрөшүн токтотуу үчүн өлкөнү үчкө бөлүп, эки кичи кагандын бири өлкөнүн чыгышын (ордосу Жылдыз өрөөнүндө), экинчиси анын батышын (ордосу Ташкент), өзү борбордук бөлүгүн башкарган. Таманга эки кичи каган вассал катары баш ийишкен, бирок кагандыкта саясий абал начарлай баштаган. Жуӊгарияда жашаган теле уруулары көтөрүлүш чыгарып (605), кагандыктан бөлүнүп кетишкен. Алар кербендерди талап-тоноп, сооданы өнүктүрүүгө тоскоолдук кылышкан. Чыгыш Түркстан, Орто Азиядагы шаарлар, ээликтер өз алдынча Кытай менен байланыш түзө башташкан. Нушиби уруусунан чыккан Шегуй Таман каганга каршы чыгып, жеӊишке жеткен. Шегуй кагандын тушунда (610–618) өлкөнүн саясий абалы бир топ оӊолуп, Согду жана Тарим өрөөндөрүндөгү бийлик ээлери кайрадан Батыш Түрк кагандыгынын вассалына айланышкан. Бир гана Турпандын башкаруучусу Кытайга көз каранды бойдон кала берген. Шегуйдун иниси Тон жабгу-каган (618–630) өлкөдө өз бийлигин чыӊдоо үчүн административдик-акимдик реформа жүргүзгөн. 618-жылы жергиликтүү башкаруучуларды кагандыктын аким, аткаминерлерине айландыруу үчүн аларга титулдарды берген. Жергиликтүү акимдерди көзөмөлдөө үчүн өкмөттүн өкүлдөрү дайындалган. Буга чейин салыктарды жергиликтүү акимдер чогултуп, анын жарым үлүшүн алып келсе, эми аларды кагандын өкүлдөрү чогулта баштаган. Кала берсе жергиликтүү башкаруучуларды түрк төрөлөрү менен алмаштырган. 619-жылы Жуӊгариядагы теле урууларын кайрадан Батыш Түрк кагандыгына бириктирген. Мунун натыйжасында өлкөнүн чыгыш чек арасы Алтайга чейин созулуп, бул учурда Батыш Түрк каганаты өтө кубаттуу өлкөгө айланган. Тон жабгу-каган батышта Иранга каршы ийгиликтүү жортуулдарды уюштуруп, 616–617-жылдары иран шахынын аскер башчысы Смбат Багратуни Тохарстанды басып киргенде эфталиттерге жардамга барган. Тохарстан ирандыктардан бошотулуп, анын башкаруучусу болуп Тон жабгунун уулу Тарду шад дайындалган. Мындан тышкары, батыш түрк аскерлери Афганистанды жана Индиянын түндүк-батыш бөлүгүн Батыш Түрк кагандыгынын курамына кошкон. Тон жабгу-каган 615-жылы Византиялык император Ираклий менен Иранга каршы келишим түзгөн. 616-жылы түрк армиясы хазарлар менен бирдикте Дербент шаарын, 618-жылы алар византиялык армия менен бирге Тбилисти алышкан. Мындан кийин Тон жабгу каган ордосуна кайтып келет. Жортуулду анын уулу Бури шад улантып, Агванды басып кирген. 630-жылы түрк армиясы Арменияга басып кирген, бирок түрк кагандыгындагы ич ара талаштардын келип чыгышына байланыштуу Кавказдан кайтып кетишкен. Ошол эле жылы Тон жабгунун аталаш агасы Күлүк Сыби (Шибир) багадур дулулардын колдоосу менен каганды өлтүрүп, тактыга олтурган. ал нушиби жана дулу уруу жол башчыларынын бийлик үчүн күрөшүнүн жүрүшүндө 631-жылы өлтүрүлгөндөн кийин нушиби уруулары күч алып, алар Нишу Дулуну (Ашина Нишу, бийликтеги аты–Долу кэхань) хандыкка (633–634) шайлаган. Бул уруу ушундан баштап Батыш түрк кагандыгына үстөмдүк кылып калган. Алар Улуу Жибек жолунун маанилүү түйүнү болуп саналган Самарканд, Шаш (Ташкент), Куча, Карашаар ж. б. көзөмөлгө алууга жетишип, натыйжада дулу уруулар менен араздыктар күчөгөн. 634–638-жылы бийлик кылган Шаболо Хилиши хан (Л. Гумилев боюнча Ышбара Хилаш каган, Дулу хандын иниси) Батыш Түрк кагандыгындагы ич ара карама-каршылыкты жоюу үчүн административдик реформа жүргүзүп, саясий жактан маанилүү роль ойногон урууларды «он ок будунга» («он ок эли») бөлгөн, б. а. күчтүү уруунун бири экенин белгилеп аларга бирден жебе (ок) берген. Анын бир бөлүгүнө беш уруудан турган дулулар бирикмеси кирип, алар Чүй суусунун чыгышына, ал эми калган беш уруу нушиби батышына ээ болгон. Иби Дулу хан Юйгу Ше (түркчө Йукук Ирбис-Дулу хан, кыт. Ипидолу кэхань, өздүк аты Ашина Юйгу) хан (638–653) келгенден кийин аны менен дулулар койгон Ышбара-Толис-шад (өздүк аты Ашина Тунъэ, бийликтеги аты Шаболосилиши/Хилиши кэхань) хандын (634–639) ортосунда согуш жүрүп, эки тарап тең аябай көп чыгым тарткан. Акыры 638-жылы Иле дарыясынын боюнда экөө келишим түзүп, ал боюнча Батыш Түрк кагандыгы дагы экиге бөлүнгөн. Иле өзөнүнүн чыгышы Ышбара-Толис-шаддын кол алдында калып, Сыр-Дарыядан Илеге чейинки жерлер толук Дулу-хандын карамагына өткөн. Ал өз ордосун кытай тилинде «Цзихэ» деп аталган тоонун батышына орноткон жана аны түндүктөгү ордо деп атаган. Муну менен кошо Дулу-ханга Бома, Кыргыз (Цзегу, Гйегу, Хягас) сыяктуу көптөгөн өлкөлөр баш ийип калган. Мындан кийин Дулу-хан Тухолону (Тохарстан) каратып, андан кийин Кангюй (Каңлы) жана Сяоми (Согду) өлкөлөрүн өзүнө баш ийдирген. Натыйжада Дулу-хандын ээлиги Кавказ тоолоруна чейин жеткен. Чыгышта болсо көп өтпөй Ышбара-Толис-шадга каршы нушибилер козголоң чыгарып, Иби Шаболо Шеху (Ирбис-Ышбара-жагбу хан) деген ат менен жаңы ханды такка отургузушкан. Ал өз ордосун Чүй (Суй-хэ) суусунун түндүгү, Иле дарыясынын чыгышына көчүрүп, аны «Түштүк ордо» деп атаган жана Дешт-и Кыпчактын чыгышынан Чыгыш Түркстандагы Хамиге чейинки жерлер анын карамагына өткөн. Бирок алар менен дулулардын чыр-чатагы уланып, натыйжада алардын ар бири Тан династиясынан колдоо алууга умтулушкан. Мындай кырдаалды пайдаланган Тан императорлору эки тарапты гана эмес, Батыш Түрк кагандыгындагы уруу башчыларын бир-бирине тукурууга киришкен. Нушибиден чыккан Иби Шегуй хан (642–650) императордун кызына жуучу салып, аны менен туугандашууга аракет кылат, бирок ал кызынын калыңына Куча, Котон, Кашкардан баштап, Памир (Цун-лин) тоолоруна чейинки аймакты сураган. Шегуй хан ага көнгөн эмес, ошондуктан Истеми кагандын бешинчи муундагы тукуму Ашина Хелу (Шаболокэхань, Л. Гумилев боюнча Халлыг Ышбара-жагбу) хан (653–657) бытырай баштаган өлкөнүн бийлигин тартып алган. Ал кагандыктагы ички тартипти бекемдөө үчүн саясий реформа жүргүзүп, нушибилерди беш тукумга (кыт. «сыгинь», түркчө «тегин»), дулуларды беш «чжого» (Л. Гумилевдун пикиринде байыркы кыт. тилинде «хоу» болуп, «граф» деген титулду түшүндүргөн, түркчө «чур») бөлгөн. Ашина Хелу көп өтпөй Тан империясына каршы согуш баштап, бирок жеңилип калган. 656-жылы кытайлыктардын аскер башчысы Су Динфан Чүй суусунун жээгине чейин жетип, алгач нушибилерди багындырган. Андан кийин Батыш түрктөрдүн каганын колго түшүрүп, Талас суусуна чейин жеткен. Бирок кытайлыктар түрктөрдү номиналдуу гана башкарган, б. а. түрктөр өз алдынча саясат жүргүзүүнү уланта берген. 657–693-жылдары мурдагы Батыш Түрк каганатынын көп бөлүгүн Тан императору дайындаган Ашина тукумунун кагандары бийлеп турган. Ашина тукумунун бири VI кылымдын 30-жылдары Хазар каганатын, дагы бири VII кылымдын 90-жылдары Түргөш каганатын негиздеген. Ушуну менен Батыш түрк кагандыгы өз жашоосун токтоткон.
Ад.: Бартольд В. В. Соч. Т. II. Ч. 1. М., 1963; Кара уулу Өмүркул. Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994; Гумилёв Л. Н., Байыркы түрктөр. Б., 1998; Малявкин А. Г. Танские хроники о государствах Центральной Азии. Тексты и исследования. Новосибирск, 1989; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002; Бичурин (Иакинф) Н. Я. Байыркы мезгилде Орто Азияда жашаган элдер жөнүндө маалыматтар жыйнагы. /Кырг. котормо, Б., 2016.
Ө. Караев.