БИШКЕК АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ТЕХНИКУМУ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИШКЕК АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ТЕХНИКУМУ ''' Эл чарбасын башкаруу советинин токтому | '''БИШКЕК АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ТЕХНИКУМУ ''' Эл чарбасын башкаруу советинин токтому менен 1930-жылы уюштурулган. 1990-жылы техникум архитектуралык-курулуш коллежи болуп кайра түзүлгөн. 1996-жылы Архитектура-курулуш техникуму деп өзгөртүлгөн. Техникумда 3 спорт зал, ашкана, окуу устаканалары, 58 окуу кабинети, 5 лаборатория, 19 персоналдык компьютер менен жабдылган, интернет жана электрондук почта байланышына кошулган 2 компьютердик зал бар. Техникум архитектура, имараттарды куруу жана эксплуатациялоо, имараттардын ичиндеги желдетүүчү жана санитардык-техникалык курулуштун монтажы менен эксплуатациясы, жыгач иштетүү технологиясы, туристтик комплекстерде жана мейманканаларда уюштуруу, тейлөө иштерин жүргүзүү, экономика жана бухгалтердик эсеп, жер жана мүлк мамилелери боюнча адистерди даярдайт. Ачылгандан бери техникум 25 миӊден ашык адис даярдаган (2006). 2005–2006-окуу жылында 1020 студент окуган.<br/> | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
05:24, 20 Июнь (Кулжа) 2024 -деги абалы
БИШКЕК АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ТЕХНИКУМУ Эл чарбасын башкаруу советинин токтому менен 1930-жылы уюштурулган. 1990-жылы техникум архитектуралык-курулуш коллежи болуп кайра түзүлгөн. 1996-жылы Архитектура-курулуш техникуму деп өзгөртүлгөн. Техникумда 3 спорт зал, ашкана, окуу устаканалары, 58 окуу кабинети, 5 лаборатория, 19 персоналдык компьютер менен жабдылган, интернет жана электрондук почта байланышына кошулган 2 компьютердик зал бар. Техникум архитектура, имараттарды куруу жана эксплуатациялоо, имараттардын ичиндеги желдетүүчү жана санитардык-техникалык курулуштун монтажы менен эксплуатациясы, жыгач иштетүү технологиясы, туристтик комплекстерде жана мейманканаларда уюштуруу, тейлөө иштерин жүргүзүү, экономика жана бухгалтердик эсеп, жер жана мүлк мамилелери боюнча адистерди даярдайт. Ачылгандан бери техникум 25 миӊден ашык адис даярдаган (2006). 2005–2006-окуу жылында 1020 студент окуган.