БИЭЛА КОМЕТАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

05:06, 23 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БИЭЛА КОМЕТАСЫ – асман телосу. 1826-жылы чехиялык астроном В. Биэла ачкан. Ал кометаны 1772, 1815, 1826, 1832, 1845-жылдары көптөгөн окумуштуулар байкашкан. 1845-жылы кометанын өлчөмү чоӊоюп, экиге бөлүнгөн. Бул эгиз комета 1852-жылы кайрадан бири бирине 2,4 млн км аралыкка жакындашып, бир ай бою көрүнүп турган да, кийин такыр жок болуп кеткен. Ал комета 1872-жылы да көрүнүүгө тийиш болчу, бирок анын ордуна ошол жылы 26-ноябрда Европада жана Түндүк Америкада метеорлор жааны байкалган. Мындан Биэла кометасы метеор агымына айланып кеткен деп болжолдоого болот.