БОДУН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
|||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОДУН | ''' БОДУН''' – кыргыз, түрк ж-а уйгур мамлекетт<font color='green'>е</font>риндеги социалдык катмар. Орхон-Енисей ж-а Турфан жазууларында «калк»; «букара»; «эл», о. эле «калайык калк» ж-а «карапайым калк» деген да маанисин туюнтат. Күлтегин эстел<font color='green'>и</font>гинде: «түрк бектери жана бодун (карапайым калк) аны уккула», – деп айтылат. Руникалык эстеликтерде байкалгандай Б. аталышы этно<font color='green'>с</font>тук топту белгилеш үчүн да пайдаланылган. Ошол эле Күлтегин эстелигинде «Өзүм тардуш бодун [га] (элине) шад болчумун», – деп айт<font color='green'>ы</font>лат. Айрым жазма булактарда «бодун будун» деп, кош аталыш түрүндө жазылат ж-а ал «ту<font color='green'>р</font>гундар» маанисин туюнтат. Кыргыздарга ти<font color='green'>е</font>шелүү рун эстеликтеринде «будун» деген аталы<font color='green'>ш</font>та кездешет. Мындан тышкары кыргыз эпит<font color='green'>а</font>фияларында «кара будун» аталышы арбын ко<font color='green'>л</font>донулуп, ал элди үндөө же чакырык мааниси<font color='green'>н</font>де айтылчу «калайык калк»; «жумурай журт» деген түшүнүктөргө дал келет. | ||
[[Category: 2-том]] | ''М. Кожобеков.'' [[Category: 2-том, бүтө элек]] | ||
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
БОДУН – кыргыз, түрк ж-а уйгур мамлекеттериндеги социалдык катмар. Орхон-Енисей ж-а Турфан жазууларында «калк»; «букара»; «эл», о. эле «калайык калк» ж-а «карапайым калк» деген да маанисин туюнтат. Күлтегин эстелигинде: «түрк бектери жана бодун (карапайым калк) аны уккула», – деп айтылат. Руникалык эстеликтерде байкалгандай Б. аталышы этностук топту белгилеш үчүн да пайдаланылган. Ошол эле Күлтегин эстелигинде «Өзүм тардуш бодун [га] (элине) шад болчумун», – деп айтылат. Айрым жазма булактарда «бодун будун» деп, кош аталыш түрүндө жазылат ж-а ал «тургундар» маанисин туюнтат. Кыргыздарга тиешелүү рун эстеликтеринде «будун» деген аталышта кездешет. Мындан тышкары кыргыз эпитафияларында «кара будун» аталышы арбын колдонулуп, ал элди үндөө же чакырык маанисинде айтылчу «калайык калк»; «жумурай журт» деген түшүнүктөргө дал келет. М. Кожобеков.