БОЗ КҮРӨӉ ТОПУРАК –: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Dilde moved page БОЗ-КҮРӨӉ ТОПУРАК – to БОЗ КҮРӨӉ ТОПУРАК –) |
(Айырма жок)
|
10:05, 29 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы
БОЗ-КҮРӨӉ ТОПУРАК – кургакчыл субтропик алкагынын бадалдуу тоолорундагы топурак тиби. Ал 1,5–3,5% чиринди, 0,1–0,3% азот, 8—14% карбонаттан турат. Жогорку катмары жумшагыраак, ал эми ортоӊку катмары өтө чополуу болгондуктан нык келет. Ал кадимки шалбаа, жетилбеген жана гипс-топуракка бөлүнөт. Закавказьеде, Орто Азияда тоо этектеринде болот. Кыргызстанда ал каралжын боз же күрөӊ карбонаттуу келет. Механикалык курамында оор жана чопо минералдар көп болгондуктан сугарганда топурак тез катат. Бирок, беде эгилгенде структурасы кайрадан калыбына келет. Боз-күрөң топурактуу жерге пахта, дан өсүмдүктөрү эгилип, жүзүм, өрүк, шабдалы, анар, мисте өстүрүлөт.