БОНИТЕТ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОНИТЕ́Т ''' (лат. bonitas – сапаттуу) – жаратылыш ресурстарын баалоо жана айыл чарбага жарактуу жерлерге, топуракка, токойго, жаныбар менен өсүмдүк дүйнөсүнө ж. б-га салыштырмалуу мүнөздөмө берүү үчүн колдонулган шарттуу көрсөткүч (балл). Адатта, ал ресурстун конкреттүү түрүн пайдалануу эсеп-кысабынын негизинде аныкталат. Эӊ белгилүүсү – токой | '''БОНИТЕ́Т ''' (лат. bonitas – сапаттуу) – жаратылыш ресурстарын баалоо жана айыл чарбага жарактуу жерлерге, топуракка, токойго, жаныбар менен өсүмдүк дүйнөсүнө ж. б-га салыштырмалуу мүнөздөмө берүү үчүн колдонулган шарттуу көрсөткүч (балл). Адатта, ал ресурстун конкреттүү түрүн пайдалануу эсеп-кысабынын негизинде аныкталат. Эӊ белгилүүсү – токой бонитети; ал – токойдун бир участогунун табигый шартка жана адамдын токойго тийгизген таасирине байланыштуу чарбалык өндүрүмдүүлүгүнүн көрсөткүчү. Басымдуулук кылган бак-дарактын орточо бийиктиги боюнча (орточо жашы эске алынып) аныкталат. Токой бонитети (жыгачтын сапатына ылайык) беш класска (I классы өтө өндүрүмдүү; V классы эӊ төмөн сапаттуу) бөлүнөт. Ал эми топурак бонитети жер участогунун табигый касиеттеринин сапаттуу мүнөздөмөсү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жалпы көрсөткүчү. | ||
''А. Конушбаева.'' | ''А. Конушбаева.'' | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
10:49, 29 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
БОНИТЕ́Т (лат. bonitas – сапаттуу) – жаратылыш ресурстарын баалоо жана айыл чарбага жарактуу жерлерге, топуракка, токойго, жаныбар менен өсүмдүк дүйнөсүнө ж. б-га салыштырмалуу мүнөздөмө берүү үчүн колдонулган шарттуу көрсөткүч (балл). Адатта, ал ресурстун конкреттүү түрүн пайдалануу эсеп-кысабынын негизинде аныкталат. Эӊ белгилүүсү – токой бонитети; ал – токойдун бир участогунун табигый шартка жана адамдын токойго тийгизген таасирине байланыштуу чарбалык өндүрүмдүүлүгүнүн көрсөткүчү. Басымдуулук кылган бак-дарактын орточо бийиктиги боюнча (орточо жашы эске алынып) аныкталат. Токой бонитети (жыгачтын сапатына ылайык) беш класска (I классы өтө өндүрүмдүү; V классы эӊ төмөн сапаттуу) бөлүнөт. Ал эми топурак бонитети жер участогунун табигый касиеттеринин сапаттуу мүнөздөмөсү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жалпы көрсөткүчү.
А. Конушбаева.