БОРОМБАЙ Меӊмурат уулу: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

09:16, 29 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы

БОРОМБАЙ Меӊмурат уулу (1789–90-жылдар чен – 1858) – Ысык-Көл кылаасын жердеген бугу уруусунун ири манаптарынын бири; белек уругунан. 1843-жылы Жууку суусунун боюнда Кызыл-Үӊкүр деген жерде чеп (коргон) курдурган. Коргондун ичине 10дон ашуун боз үй тигилчү. 1844-жылдан өз уруусунун атынан Россияга букаралыкка алуу өтүнүчү менен Батыш Сибирь генерал-губернаторлугуна татар соодагерлери аркылуу кат менен кайрылган (1844, 1848, 1853–55). Анын элчилери 1855-жылы 17-январда Омск шаарында Россияга өтүү антын кармашкан. Боромбай орус армиясынын подполковниги чинин алып, бугу уруусунун чоӊ манабы катары таанылган. Бугу менен сарыбагыш урууларынын чабышы маалында анын эл-журту Текести көздөй көчүп, орус бийликтерине кайрылган. Ич ара жаӊжалды тынчытууда Боромбайдын өтүнүчү менен келген орус аскерлеринин чакан кошуунунун чоӊ жардамы тийген. Элдин

турмушун оӊдоо үчүн калкын эгин эгип, жер-жемиш өстүрүп, бак-дарак тигүүгө үндөгөн. Жерлерин кашаа менен тостуруп, арык каздырып, суу чыгартып, эгин эктирген, алма, өрүк, алмурут ж. б. тиктирген. Анын демилгеси менен Көлдүн тескейиндеги өзөн, сууларга суу тегирмендери курулган. Анын П. П. Семёнов-Тян-Шанскийге да көмөк көрсөткөнү маалым. 1856-жылы Чокон Валиханов Боромбайдын айлында жүрүп, баалуу маалыматтарды жыйнаган жана портретин карандаш менен тартып алган.


Т. Өмүрбеков.