БОТАШЕВ Азирет-Алий Ильясович: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 21 Май (Бугу) 2024 -деги абалы

БОТАШЕВ Азрет-Алий Ильясович (3.3.1937, Карачай Черкес автоном облусу, Кичи Карачай району, Учкекен айылы – 13.8.1995, Бишкек) – физика-математика илимдеринин доктору (1984), Кыргыз ССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1989). КМУну (1960), ушул эле университетте аспирантураны бүтүргөн (1963). КР УИАнын ФМИде илимий кызматкер, лаборатория башчысы, илимий иштер боюнча директордун орун басары болуп иштеген. Дифференциалдык теӊдемелер боюнча адис. 80 илимий эмгеги, анын ичинен 3 монографиясы жарык көргөн.
Эмг.: Конечные методы в теории многомерного ветвления. Ф., 1976; Периодические решения интегродифференциальных уравнений Вольтера. Б., 1994.