БОТБАЕВ Махмуд: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Dilde moved page БОТБАЕВ to БОТБАЕВ Махмуд) |
(Айырма жок)
|
10:40, 21 Май (Бугу) 2024 -деги абалы
БОТБАЕВ Махмуд (1898, Кетмен-Төбө өрөөнү, Ак-Чий – Кара-Суу айылы – 1981, Токтогул шаарчасы) – Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышуучу, алгачкы агартуучулардан. Жергиликтүү орус-тузем мектебин, Ташкенттеги мугалимдерди даярдоо курсун (1920), Ташкенттеги политехникалык техникумду (1930) бүтүргөн. 1919–24-жылдары Токтогул районундагы Мустөр болуштугунун аткомунун катчысы болуп иштеген жана жергиликтүү элден кошуун түзүп, басмачыларды талкалоого катышкан. Кетмен-Төбө өрөөнүндө мугалим, Фергана облусунун эл агартуу бөлүмүндө инспектор, Наманган уездинде мугалимдерди даярдоо курсунда окутуучу, партиянын Кетмен-Төбө райкомунун секретары жана райондук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы, 1924-жылы Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун убактылуу уюштуруу бюросунун жана Кара Кыргыз АОсунун ревкомунун мүчөсү болгон. 1924–27-жылдары Жалал-Абад кантонунун үгүт бөлүмүнүн башчысы, 1927–28-жылдары кантондук аткаруу комитетинин төрагасы, жер-суу реформасын жүргүзүү боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары (төрагасы – Т. Айтматов), 1928–37-жылдары «Кошчу» союзунда жооптуу катчы, Кетмен-Төбө райондук аткомунун төрагасынын орун басары ж. б. жооптуу кызматтарда иштеген. 1937–40-жылдары репрессияланып, 1940-жылы акталган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган. Ысмы Токтогул шаарчасынын бир көчөсүнө берилген.