БУРКСЕР Гаврилл Владимирович: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

09:10, 3 Декабрь (Бештин айы) 2024 -деги абалы

БУ́РКСЕР Гаврилл Владимирович (31. 10. 1903, Украина, Александрия шаары – 15. 6. 1979, Фрунзе) – зоогигиенист, ветеринария илимдеринин доктору (1953), профессор (1959), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1974), 1927-жылы Харьков ветеринария институтун бүткөн. 1928–29-жылдарда ветеринардык врач, 1929–34-жылдарда жер иштер эл комиссариатында ветеринария башкармасынын башчысы. 1934–42-жылдарда ветеринария ИИИнин директорунун орун басары. 1942–46-жылдарда Советтик Армияда (атчандар дивизиясынын ветеринария башкармасынын башчысы). 1946–50-жылдарда Өзбекстан мал чарба ИИИнин директорунун орун басары. 1951-жылдан К. И. Скрябин атындагы КАЧИде кафедра башчысы. Малды тоюттандырууда синтездик азоту бар элементтерди, тоют рационунда жетишпеген сиӊимдүү протеинди колдонуу жолун ж. б. изилдеген. Анын 200дөн ашык илимий эмгектери жарык көргөн. Эмгек Кызыл Туу ж. б. ордендер м-н сыйланган.
Эмг.: Карбамид в кормлении сельскохозяйственных животных в Киргизии. Ф., 1971.