БУУРЧАК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БУУРЧАК''' , а к б у у р ч а к (''Pisum'') – чанактуулар тукумундагы бир жана көп жылдык өсүмдүк. Эгилме Буурчак – бир жылдык өсүмдүк. Сабагы түксүз, төрт кырдуу, бийиктиги 150–250 ''см'', ичке жана бутактуу болгондуктан, ийилип, жерге төшөлүп өсөт. Жалбырагы көгүлтүр же жашыл, жалбырак түбүндө эки жан жалбырагы болот. Гүлү ак, мөмөсү – чанак, ар бир чанагында 11ге чейин түрдүү түстөгү (мала жашыл, сары ж. б.) даны (жылма жана бырыштуу) болот. Данында 20–30% белок, ал эми жашылча буурчагында 8–10%ке чейин кант болот. Буурчак витаминге (В<sub>1</sub>, В<sub>2</sub>, С, Е ж. б.) бай. Тамыры 1–1,5 ''м'' тереӊдикке чейин сүӊгүп өсүп, жоон бутактарында 5–6 жалбырак алганда түймөк бактериялары бар түймөкчө пайда болот. Вегетация мезгили 45–120 күн. Ал өзү менен өзү, кургакчыл мезгилде кайчылаш чаӊдашат. Данынан акшак, ун, көк буурчак даярдалат, жаӊы кезинде жана консерваланган түрүндө тамак-ашка пайдаланылат. Буурчак бири биринен гүлүнүн түсү, үрөнү менен айырмалангандыктан генетикада ''Г. И. Мендель'' өзүнүн классикалык тажрыйбаларын Буурчакка жасаган (''Менделизм, Мендель закондору''). Европада, Батыш Азияда жана Түндүк Африкада 6–7 түрү, КМШ өлкөлөрүндө 2 түрү кездешет. Мекени Жер Ортолук деӊиз аймактары, эгилме түрлөрү Түштүк-Батыш жана Алдыӊкы Азияда алгач өстүрүлгөн. Кыргызстанда дан алынуучу «Романовский 77», «Богатырь»; канттуу сортторунан «Генри», «Эра», «Сахарный мозговой», «Овощной горох» ж. б. сорттору эгилет.  
'''БУУРЧАК''' , а к б у у р ч а к (''Pisum'') – чанактуулар тукумундагы бир жана көп жылдык өсүмдүк. Эгилме буурчак – бир жылдык өсүмдүк. Сабагы түксүз, төрт кырдуу, бийиктиги 150–250 ''см'', ичке жана бутактуу болгондуктан, ийилип, жерге төшөлүп өсөт. Жалбырагы көгүлтүр же жашыл, жалбырак түбүндө эки жан жалбырагы болот. Гүлү ак, мөмөсү – чанак, ар бир чанагында 11ге чейин түрдүү түстөгү (мала жашыл, сары ж. б.) даны (жылма жана бырыштуу) болот. Данында 20–30% белок, ал эми жашылча буурчагында 8–10%ке чейин кант болот. Буурчак витаминге (В<sub>1</sub>, В<sub>2</sub>, С, Е ж. б.) бай. Тамыры 1–1,5 ''м'' тереӊдикке чейин сүӊгүп өсүп, жоон бутактарында 5–6 жалбырак алганда түймөк бактериялары бар түймөкчө пайда болот. Вегетация мезгили 45–120 күн. Ал өзү менен өзү, кургакчыл мезгилде кайчылаш чаӊдашат. Данынан акшак, ун, көк буурчак даярдалат, жаӊы кезинде жана консерваланган түрүндө тамак-ашка пайдаланылат. Буурчак бири биринен гүлүнүн түсү, үрөнү менен айырмалангандыктан генетикада ''Г. И. Мендель'' өзүнүн классикалык тажрыйбаларын буурчакка жасаган (''Менделизм, Мендель закондору''). Европада, Батыш Азияда жана Түндүк Африкада 6–7 түрү, КМШ өлкөлөрүндө 2 түрү кездешет. Мекени Жер Ортолук деӊиз аймактары, эгилме түрлөрү Түштүк-Батыш жана Алдыӊкы Азияда алгач өстүрүлгөн. Кыргызстанда дан алынуучу «Романовский 77», «Богатырь»; канттуу сортторунан «Генри», «Эра», «Сахарный мозговой», «Овощной горох» ж. б. сорттору эгилет.  


<br />''А. Бабаев.''
<br />''А. Бабаев.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:23, 18 Июнь (Кулжа) 2024 -деги абалы

БУУРЧАК , а к б у у р ч а к (Pisum) – чанактуулар тукумундагы бир жана көп жылдык өсүмдүк. Эгилме буурчак – бир жылдык өсүмдүк. Сабагы түксүз, төрт кырдуу, бийиктиги 150–250 см, ичке жана бутактуу болгондуктан, ийилип, жерге төшөлүп өсөт. Жалбырагы көгүлтүр же жашыл, жалбырак түбүндө эки жан жалбырагы болот. Гүлү ак, мөмөсү – чанак, ар бир чанагында 11ге чейин түрдүү түстөгү (мала жашыл, сары ж. б.) даны (жылма жана бырыштуу) болот. Данында 20–30% белок, ал эми жашылча буурчагында 8–10%ке чейин кант болот. Буурчак витаминге (В1, В2, С, Е ж. б.) бай. Тамыры 1–1,5 м тереӊдикке чейин сүӊгүп өсүп, жоон бутактарында 5–6 жалбырак алганда түймөк бактериялары бар түймөкчө пайда болот. Вегетация мезгили 45–120 күн. Ал өзү менен өзү, кургакчыл мезгилде кайчылаш чаӊдашат. Данынан акшак, ун, көк буурчак даярдалат, жаӊы кезинде жана консерваланган түрүндө тамак-ашка пайдаланылат. Буурчак бири биринен гүлүнүн түсү, үрөнү менен айырмалангандыктан генетикада Г. И. Мендель өзүнүн классикалык тажрыйбаларын буурчакка жасаган (Менделизм, Мендель закондору). Европада, Батыш Азияда жана Түндүк Африкада 6–7 түрү, КМШ өлкөлөрүндө 2 түрү кездешет. Мекени Жер Ортолук деӊиз аймактары, эгилме түрлөрү Түштүк-Батыш жана Алдыӊкы Азияда алгач өстүрүлгөн. Кыргызстанда дан алынуучу «Романовский 77», «Богатырь»; канттуу сортторунан «Генри», «Эра», «Сахарный мозговой», «Овощной горох» ж. б. сорттору эгилет.


А. Бабаев.