БЭКОН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЭКОН ''' Френсис (22. 1. 1561, Лондон – 9. 4. 1626, Хайгет) – | '''БЭКОН ''' '''Френсис''' (22. 1. 1561, Лондон – 9. 4. 1626, Хайгет) – англиялык философ, англиялык материализмге жана тажрыйбачыл илимдин методологиясына негиз салуучу. Нааданчылык менен схоластикалык көз караштарга каршы чыгып, Европада материалык, атеисттик идеялардын таралышына зор таасир тийгизген. Анын эмгектеринде илимде үйрөнүп-иликтөөнүн өз предмети бар – жаратылыш, ал эми дин болсо илимий таанып-билүү жаатына кийлигишпеш керек, деп белгилейт. Бэкондун материализми ошол кездеги шартка ылайык ырааттуу эмес, метафизикалык мүнөздө болуп, өзүнө диний түшүнүктөрдү камтыган, бирок анын идеялары диний көз карашка катуу сокку урган. Бэкондун окуусун кийинчерээк Т. Гоббс менен Ж. Локк өнүктүргөн. Бэкондун эмгектери илим жана илимий таанып-билүү маселесине арналган. 1579-жылы жазылган эмгектеринин катарына «Моралдык, экономикалык жана саясий эссе», «Жаӊы Атлантида», «Генрих VIIнин тарыхы» жана «Жаӊы органон» кирет. <br/>''Ж. К. Асанов.'' | ||
<br/>''Ж. К. Асанов.'' | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
04:53, 17 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БЭКОН Френсис (22. 1. 1561, Лондон – 9. 4. 1626, Хайгет) – англиялык философ, англиялык материализмге жана тажрыйбачыл илимдин методологиясына негиз салуучу. Нааданчылык менен схоластикалык көз караштарга каршы чыгып, Европада материалык, атеисттик идеялардын таралышына зор таасир тийгизген. Анын эмгектеринде илимде үйрөнүп-иликтөөнүн өз предмети бар – жаратылыш, ал эми дин болсо илимий таанып-билүү жаатына кийлигишпеш керек, деп белгилейт. Бэкондун материализми ошол кездеги шартка ылайык ырааттуу эмес, метафизикалык мүнөздө болуп, өзүнө диний түшүнүктөрдү камтыган, бирок анын идеялары диний көз карашка катуу сокку урган. Бэкондун окуусун кийинчерээк Т. Гоббс менен Ж. Локк өнүктүргөн. Бэкондун эмгектери илим жана илимий таанып-билүү маселесине арналган. 1579-жылы жазылган эмгектеринин катарына «Моралдык, экономикалык жана саясий эссе», «Жаӊы Атлантида», «Генрих VIIнин тарыхы» жана «Жаӊы органон» кирет.
Ж. К. Асанов.