БҮБҮХАНЫМ МЕЧИТИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БҮБҮХАНЫМ МЕЧИТИ ''' – Амир Темир дооруна таандык арх-ралык эстелик. Өзбек Респ-нын Самарканд ш-нда жайгашкан. 1399–1404-ж. Амир Темирдин Индостандагы жеӊишинин урматына салынган. Эл арасында Бүбүханымды Амир Темирдин жубайы дешет. Эстеликтин артына дагы 2 имарат жанаша салынып, бийик мунаралуу дубалдар м-н айланта курчалган. Бул үч имараттын теӊ сырткы көрүнүшү төрт чарчы келип, бурчтары мунара сыяктуу жумуру (түркүк сымал) ж-а бийик, төбөсү кумпа. Эстелик чөгөрүлгөн асыл таштар, алтын жалатылган оймо-чиймелер, мозаикалар м-н кооздолгон. Б. м. О. Азиянын о. кылымдагы арх-ралык курулуш өнөрүнүн үлгүсү болуп эсептелет ж-а кийинки арх-ралык курулуштардын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген эстеликтердин бири.
'''БҮБҮХАНЫМ МЕЧИТИ ''' – Амир Темир дооруна таандык архитектуралык эстелик. Өзбек Республикасынын Самарканд шаарында жайгашкан. 1399–1404-жылдары Амир Темирдин Индостандагы жеӊишинин урматына салынган. Эл арасында Бүбүханымды Амир Темирдин жубайы дешет. Эстеликтин артына дагы 2 имарат жанаша салынып, бийик мунаралуу дубалдар менен айланта курчалган. Бул үч имараттын теӊ сырткы көрүнүшү төрт чарчы келип, бурчтары мунара сыяктуу жумуру (түркүк сымал) жана бийик, төбөсү кумпа. Эстелик чөгөрүлгөн асыл таштар, алтын жалатылган оймо-чиймелер, мозаикалар менен кооздолгон. Бүбүханым мечити Орто Азиянын орто кылымдагы архитектуралык курулуш өнөрүнүн үлгүсү болуп эсептелет жана кийинки архитектуралык курулуштардын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген эстеликтердин бири.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:07, 17 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БҮБҮХАНЫМ МЕЧИТИ – Амир Темир дооруна таандык архитектуралык эстелик. Өзбек Республикасынын Самарканд шаарында жайгашкан. 1399–1404-жылдары Амир Темирдин Индостандагы жеӊишинин урматына салынган. Эл арасында Бүбүханымды Амир Темирдин жубайы дешет. Эстеликтин артына дагы 2 имарат жанаша салынып, бийик мунаралуу дубалдар менен айланта курчалган. Бул үч имараттын теӊ сырткы көрүнүшү төрт чарчы келип, бурчтары мунара сыяктуу жумуру (түркүк сымал) жана бийик, төбөсү кумпа. Эстелик чөгөрүлгөн асыл таштар, алтын жалатылган оймо-чиймелер, мозаикалар менен кооздолгон. Бүбүханым мечити Орто Азиянын орто кылымдагы архитектуралык курулуш өнөрүнүн үлгүсү болуп эсептелет жана кийинки архитектуралык курулуштардын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген эстеликтердин бири.