БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МУРАС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МУРАС ''' – бүткүл адамзаттын энчисине айланган көрүнүктүү маданий ж-а табигый баалуулуктар. 1972-ж. 16-ноябрда ЮНЕСКОнун Генералдык конф-ясы Бүткүл дүйнөлүк маданий ж-а табигый мурастарды коргоо тууралуу конвенция кабыл алган (1975-ж. 17-декабрда мамлекет – тараптардын саны 20га жеткенде күчүнө кирген). 180 өлкө Конвенцияны ратификациялаган (2005). Конвенцияны ратификациялаган мамлекет – тараптар өздөрү жайгашкан аймактагы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесин алардын көрсөтүүсү б-ча шайлашкан Бүткүл дүйнөлүк мурас к-тине беришет (1978-жылдан). 2005-жылдын аягында дүйнөнүн 137 мамлекетинен 160 жаратылыш, 628 мад-т
'''БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МУРАС ''' – бүткүл адамзаттын энчисине айланган көрүнүктүү маданий жана табигый баалуулуктар. 1972-жылы 16-ноябрда ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясы Бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурастарды коргоо тууралуу конвенция кабыл алган (1975-жылы 17-декабрда мамлекет – тараптардын саны 20га жеткенде күчүнө кирген). 180 өлкө Конвенцияны ратификациялаган (2005). Конвенцияны ратификациялаган мамлекет – тараптар өздөрү жайгашкан аймактагы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесин алардын көрсөтүүсү боюнча шайлашкан Бүткүл дүйнөлүк мурас комитетине беришет (1978-жылдан). 2005-жылдын аягында дүйнөнүн 137 мамлекетинен 160 жаратылыш, 628 маданият

[[File:БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МУРАС58.png | thumb | Бүткүл дүйнөлүк мурастын эмблемасы (төрт бурчтук – адамдын жаратмандыгы, сырткы айлана – жаратылыштын символу).]]
[[File:БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МУРАС58.png | thumb | Бүткүл дүйнөлүк мурастын эмблемасы (төрт бурчтук – адамдын жаратмандыгы, сырткы айлана – жаратылыштын символу).]]
ж-а 24 жаратылыш-мад-т объектилери Тизмеге кирген. Алардын ичинде: айрым курулмалар ж-а ансамблдер – Мемфистин урандысы ж-а көрүстөнү, Гиза–Дахшур р-нундагы пирамидалар, байыркы Фивы (Египет), Афиныдагы Акрополь, Вестминстер ак сарайы, ыйык Маргарита аббатчылыгы ж-а чиркөөсү (Улуу Британия), Версалдагы ж-а Фонтенблодогу ак сарайлар ж-а парктар (Франция), Москва Кремли, Кызыл аянт, «Кижи» тарыхый-арх-ралык ансамбли, Троица-Сергий лаврасы, Нерлидеги Покров чиркөөсү (Россия), София собору, Киев-Печёра лаврасы (Украина), Таж-Махал (Индия), Ватикандын арх-ра эстеликтери, Эркиндик статуясы (АКШ), Улуу Кытай сепили (Кытай); Рим ж-а Флоренция (Италия), Гавана (Куба), Краков ж-а Варшава (Польша), Дамаск (Сирия), Стамбул
жана 24 жаратылыш-маданият объектилери тизмеге кирген. Алардын ичинде: айрым курулмалар жана ансамблдер – Мемфистин урандысы жана көрүстөнү, Гиза–Дахшур районундагы пирамидалар, байыркы Фивы (Египет), Афиныдагы Акрополь, Вестминстер ак сарайы, ыйык Маргарита аббатчылыгы жана чиркөөсү (Улуу Британия), Версалдагы жана Фонтенблодогу ак сарайлар жана парктар (Франция), Москва Кремли, Кызыл аянт, «Кижи» тарыхый-архитектуралык ансамбли, Троица-Сергий лаврасы, Нерлидеги Покров чиркөөсү (Россия), София собору, Киев-Печёра лаврасы (Украина), Таж-Махал (Индия), Ватикандын архитектура эстеликтери, Эркиндик статуясы (АКШ), Улуу Кытай сепили (Кытай); Рим жана Флоренция (Италия), Гавана (Куба), Краков жана Варшава (Польша), Дамаск (Сирия), Стамбул

[[File:БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МУРАС59.png | thumb | Флоренция. Шаардын борбордук бөлүгү.]]
[[File:БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МУРАС59.png | thumb | Флоренция. Шаардын борбордук бөлүгү.]]
(Түркия), Исфахан (Иран), Санкт-Петербург (Россия), Бухара (Өзбекстан) ж. б. ш-дын тарыхый бөлүктөрү; археол. коруктар – Киригуа (Гватемала), Дельфы (Грекия), Пальмира (Сирия) ж. б.; улуттук парктар – Чоӊ Барьер рифиндеги деӊиз паркы (Австралия), Казиранга (Индия), Аскалуу тоолор ж-а Вуд-Баффало (Канада), Ньяса көлү (Малави), Беловежа чер токою (Беларуссия) ж. б. бар. Тизмеге Освенцим (Польша), Стонхенж ж-а Сент-Килда а. (Улуу Британия), Валь-Камоникедеги аскадагы сүрөттөр (Италия), Чжоукоудяндагы (Пекин) алгачкы адамдар жашаган жай ж-а Тайшань тоолору (Кытай), Алттагы аскадагы жазуу-чиймелер (Норвегия), Величкадагы туз шахтасы (Польша), Везер д-нын өрөөнүндөгү аскага тартылган сүрөттөрү бар үӊкүрлөр (Франция), Тассилин-Аджер (Алжир) бөксө тоолору сыяктуу
(Түркия), Исфахан (Иран), Санкт-Петербург (Россия), Бухара (Өзбекстан) ж. б. шаарлардын тарыхый бөлүктөрү; археологиялык коруктар – Киригуа (Гватемала), Дельфы (Грекия), Пальмира (Сирия) ж. б.; улуттук парктар – Чоӊ Барьер рифиндеги деӊиз паркы (Австралия), Казиранга (Индия), аскалуу тоолор жана Вуд-Баффало (Канада), Ньяса көлү (Малави), Беловежа чер токою (Беларуссия) ж. б. бар. Тизмеге Освенцим (Польша), Стонхенж жана Сент-Килда аралы (Улуу Британия), Валь-Камоникедеги аскадагы сүрөттөр (Италия), Чжоукоудяндагы (Пекин) алгачкы адамдар жашаган жай жана Тайшань тоолору (Кытай), Алттагы аскадагы жазуу-чиймелер (Норвегия), Величкадагы туз шахтасы (Польша), Везер дарыясынын өрөөнүндөгү аскага тартылган сүрөттөрү бар үӊкүрлөр (Франция), Тассилин-Аджер (Алжир) бөксө тоолору сыяктуу

[[File:БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МУРАС60.png | thumb | Байкал көлү (Россия).]]
[[File:БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МУРАС60.png | thumb | Байкал көлү (Россия).]]
объекттер киргизилген. Конвенциянын чегинде ресурстары чектелүү өлкөлөргө финансылык ж-а тех. жардам көрсөтүүчү Бүткүл дүйнөлүк маданий ж-а табигый мурастарды коргоо фонду түзүлгөн. Фондго бардык мамлекет – тараптар ЮНЕСКОнун бюджетине милдеттүү төлөмдөрүнүн 1% өлчөмүндөгү төлөм төлөшөт; өкмөттүк эмес уюмдардан ж-а жеке адамдардан кошумча төлөмдөр кабыл алынат. К-тте объекттердин сакталышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү мониторинг системасы түзүлгөн. Конвенцияда Б. д. м. объектилери аймактарында жайгашкан мамлекеттердин өкмөттөрү аларды сактоо б-ча милдеттенме алары көрсөтүлгөн.
объекттер киргизилген. Конвенциянын чегинде ресурстары чектелүү өлкөлөргө финансылык жана техникалык жардам көрсөтүүчү Бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурастарды коргоо фонду түзүлгөн. Фондго бардык мамлекет – тараптар ЮНЕСКОнун бюджетине милдеттүү төлөмдөрүнүн 1% өлчөмүндөгү төлөм төлөшөт; өкмөттүк эмес уюмдардан жана жеке адамдардан кошумча төлөмдөр кабыл алынат. Комитетте объекттердин сакталышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү мониторинг системасы түзүлгөн. Конвенцияда Бүткүл дүйнөлүк мурас объектилери аймактарында жайгашкан мамлекеттердин өкмөттөрү аларды сактоо боюнча милдеттенме алары көрсөтүлгөн.

''М. Оморова.''

''М. Оморова.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:39, 20 Май (Бугу) 2024 -деги абалы

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МУРАС – бүткүл адамзаттын энчисине айланган көрүнүктүү маданий жана табигый баалуулуктар. 1972-жылы 16-ноябрда ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясы Бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурастарды коргоо тууралуу конвенция кабыл алган (1975-жылы 17-декабрда мамлекет – тараптардын саны 20га жеткенде күчүнө кирген). 180 өлкө Конвенцияны ратификациялаган (2005). Конвенцияны ратификациялаган мамлекет – тараптар өздөрү жайгашкан аймактагы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесин алардын көрсөтүүсү боюнча шайлашкан Бүткүл дүйнөлүк мурас комитетине беришет (1978-жылдан). 2005-жылдын аягында дүйнөнүн 137 мамлекетинен 160 жаратылыш, 628 маданият

Бүткүл дүйнөлүк мурастын эмблемасы (төрт бурчтук – адамдын жаратмандыгы, сырткы айлана – жаратылыштын символу).

жана 24 жаратылыш-маданият объектилери тизмеге кирген. Алардын ичинде: айрым курулмалар жана ансамблдер – Мемфистин урандысы жана көрүстөнү, Гиза–Дахшур районундагы пирамидалар, байыркы Фивы (Египет), Афиныдагы Акрополь, Вестминстер ак сарайы, ыйык Маргарита аббатчылыгы жана чиркөөсү (Улуу Британия), Версалдагы жана Фонтенблодогу ак сарайлар жана парктар (Франция), Москва Кремли, Кызыл аянт, «Кижи» тарыхый-архитектуралык ансамбли, Троица-Сергий лаврасы, Нерлидеги Покров чиркөөсү (Россия), София собору, Киев-Печёра лаврасы (Украина), Таж-Махал (Индия), Ватикандын архитектура эстеликтери, Эркиндик статуясы (АКШ), Улуу Кытай сепили (Кытай); Рим жана Флоренция (Италия), Гавана (Куба), Краков жана Варшава (Польша), Дамаск (Сирия), Стамбул

Флоренция. Шаардын борбордук бөлүгү.

(Түркия), Исфахан (Иран), Санкт-Петербург (Россия), Бухара (Өзбекстан) ж. б. шаарлардын тарыхый бөлүктөрү; археологиялык коруктар – Киригуа (Гватемала), Дельфы (Грекия), Пальмира (Сирия) ж. б.; улуттук парктар – Чоӊ Барьер рифиндеги деӊиз паркы (Австралия), Казиранга (Индия), аскалуу тоолор жана Вуд-Баффало (Канада), Ньяса көлү (Малави), Беловежа чер токою (Беларуссия) ж. б. бар. Тизмеге Освенцим (Польша), Стонхенж жана Сент-Килда аралы (Улуу Британия), Валь-Камоникедеги аскадагы сүрөттөр (Италия), Чжоукоудяндагы (Пекин) алгачкы адамдар жашаган жай жана Тайшань тоолору (Кытай), Алттагы аскадагы жазуу-чиймелер (Норвегия), Величкадагы туз шахтасы (Польша), Везер дарыясынын өрөөнүндөгү аскага тартылган сүрөттөрү бар үӊкүрлөр (Франция), Тассилин-Аджер (Алжир) бөксө тоолору сыяктуу

Байкал көлү (Россия).

М. Оморова.