БҮТКҮЛ РОССИЯЛЫК КИНЕМАТОГРАФИЯ ИНСТИТУТУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БҮТКҮЛ РОССИЯЛЫК КИНЕМАТОГРА́ФИЯ ИНСТИТУТУ ''' – Россиядагы кинонун ар түрдүү адистерин, | '''БҮТКҮЛ РОССИЯЛЫК КИНЕМАТОГРА́ФИЯ ИНСТИТУТУ ''' – Россиядагы кинонун ар түрдүү адистерин, чыгармачылык кызматкерлерин даярдоочу жогорку окуу жайы. Мурдагы аталышы – Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институту (ВГИК). 1919-жылы 1-сентябрда Москвада дүйнөдө биринчи болуп мамлекеттик кино мектеби катары уюштурулган. 1922-жылы бул мектеп жогорку типтеги мамлекеттик мастерскойго айландырылып, 1925-жылы Мамлекеттик кинематография техникуму деп аталган, 1930-жылдын 5-августунда Мамлекеттик кинематография институтуна кайра уюштурулган. 1934-жылдын 25-октябрынан тартып Бүткүл союздук кинематография институту аталган. 1992-жылдан азыркы аталышында. Интститутта кинорежиссура, киноактёрдук чеберчилик, кинодраматургия, кинооператордук чеберчилик, фильмди монтаждоо, редакторлоо, кинонун тарыхы менен теориясы, көркөм фильмдин чеберчилиги өӊдүү сабактар өтүлөт. Андан тышкары, адабият менен искусствонун тарыхы боюнча курстар окулат. Институттун студенттери койгон фильмдер чоӊ экранда көрсөтүлүп, атүгүл эл аралык кинофестивалдарда байгеге арзыган учурлар болгон. Институт кино боюнча атайын жыйнактарды чыгарат. Анын окутуучуларынын арасында азыркы Россиянын мыкты киноишмерлери бар. Россиянын, КМШ өлкөлөрүнүн студияларынын чыгармачылык кызматкерлеринин курамынын негизин ушул институттун бүтүрүүчүлөрү түзөт. Кыргыздын чыгаан режиссёрлору, сценарийчилери, операторлору да (мисалы, ''М. Убукеев, Т. Океев, Б. Шамшиев, К. Өмүркулов, К. Кыдыралиев, М. Мусаев, Д. Асанова, Г. Базаров'' ж. б.) ушул окуу жайын бүтүрүшкөн. <br/>''А. Пазылов, М. Оморова.'' | ||
<br/>''А. Пазылов, М. Оморова.'' | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:02, 20 Май (Бугу) 2024 -деги абалы
БҮТКҮЛ РОССИЯЛЫК КИНЕМАТОГРА́ФИЯ ИНСТИТУТУ – Россиядагы кинонун ар түрдүү адистерин, чыгармачылык кызматкерлерин даярдоочу жогорку окуу жайы. Мурдагы аталышы – Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институту (ВГИК). 1919-жылы 1-сентябрда Москвада дүйнөдө биринчи болуп мамлекеттик кино мектеби катары уюштурулган. 1922-жылы бул мектеп жогорку типтеги мамлекеттик мастерскойго айландырылып, 1925-жылы Мамлекеттик кинематография техникуму деп аталган, 1930-жылдын 5-августунда Мамлекеттик кинематография институтуна кайра уюштурулган. 1934-жылдын 25-октябрынан тартып Бүткүл союздук кинематография институту аталган. 1992-жылдан азыркы аталышында. Интститутта кинорежиссура, киноактёрдук чеберчилик, кинодраматургия, кинооператордук чеберчилик, фильмди монтаждоо, редакторлоо, кинонун тарыхы менен теориясы, көркөм фильмдин чеберчилиги өӊдүү сабактар өтүлөт. Андан тышкары, адабият менен искусствонун тарыхы боюнча курстар окулат. Институттун студенттери койгон фильмдер чоӊ экранда көрсөтүлүп, атүгүл эл аралык кинофестивалдарда байгеге арзыган учурлар болгон. Институт кино боюнча атайын жыйнактарды чыгарат. Анын окутуучуларынын арасында азыркы Россиянын мыкты киноишмерлери бар. Россиянын, КМШ өлкөлөрүнүн студияларынын чыгармачылык кызматкерлеринин курамынын негизин ушул институттун бүтүрүүчүлөрү түзөт. Кыргыздын чыгаан режиссёрлору, сценарийчилери, операторлору да (мисалы, М. Убукеев, Т. Океев, Б. Шамшиев, К. Өмүркулов, К. Кыдыралиев, М. Мусаев, Д. Асанова, Г. Базаров ж. б.) ушул окуу жайын бүтүрүшкөн.
А. Пазылов, М. Оморова.