БӨКӨНБАЕВ (Тоң районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page БӨКӨНБАЕВ 1 to БӨКӨНБАЕВ (Тоң районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
|
07:43, 20 Май (Бугу) 2024 -деги абалы
БӨКӨНБАЕВ (1944-жылга чейин К о л ь ц о в к а) – Ысык-Көл облусундагы кыштак. Тоӊ районунун жана Күн-Чыгыш айыл округунун борбору. Ысык-Көлдүн түштүгүндө, Балыкчы – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 2010 м бийиктикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 88 км. Калкы 10651 (2009); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет. Үч орто, музыкалык жана спорт мектептери, кесиптик-техникалык окуу жайы, маданият үйү, оорукана, поликлиника, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Кыштактын аты белгилүү акын жана драматург Жоомарт Бөкөнбаевдин урматына аталган.