БӨЛҮП ЧЫГАРУУ СИСТЕМАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БӨЛҮП ЧЫГАРУУ СИСТЕМАСЫ ''' – адам ж-а жаныбар организминдеги ашык сууну, тузду, алмашуу процессиндеги акыркы бөтөн ж-а уу заттарды бөлүп чыгаруучу органдар жыйындысы. Жөнөкөйлөрдө оӊой эрүүчү заттар (аммиак, мочевина) айлана-чөйрөгө диффузия жолу м-н же жыйрылуучу вакуолдун жардамы м-н чыгарылат. Көп клеткалуу жөнөкөй түзүлүштүү сууда жашоочуларда (былпылдактар, ичеги көӊдөйлүүлөр, ийне терилүүлөр) зат алмашуу продуктулары денесинин үстүнкү бети ж-а айлана-чөйрө м-н байланышкан көӊдөйү аркылуу өтөт. Көпчүлүк омурткасыздарда бөлүп чыгаруу функциясын ичегиси аткарат. Эволюция процессинде Б. ч. с-нын ар башка түрү келип чыккан. Жөнөкөй түзүлүштүү курттардын, жалпак курттардын, немертиндердин, о. эле полихеттер м-н моллюскалардын личинкаларында бөлүп чыгаруу органдары – протонефридийлер (сыртка жылчык аркылуу ачылган, ичи туюк өзгөчө көӊдөй клеткалар м-н бүткөн түтүк системасы). Анын ичинде тынымсыз кыймылдуу кирпикчелер жайгашкан. Көпчүлүк муунак курттарда Б. ч. с. – метанефридийлер, б. а. эктодермалык жуп түтүк органдар. Бөлүп чыгаруу органы моллюскаларда мезодермадан өрчүйт, жүрөк жанындагы көӊдөйгө, сырткы тешиги мантия көӊдөйүнө ачылат. Сууда жашоочу омурткасыздарга зат алмашуунун оӊой эрүүчү продуктуларын бөлүп чыгаруучу сыртка ачылуучу орган мүнөздүү. Кургакта жашоочу муунак буттууларда бөлүп чыгаруу функциясын ичеги капталдары же мальпиги тамырлары, ал эми хордалууларда жыйноочу баштыкчалар аткарат. Ланцетниктердин бакалоорунун жанындагы көӊдөйүндө бир тешикче м-н ачылган 100 жуп нефромиксиялары болот. Омурткалуу жаныбарларда ж-а адамда бөлүп чыгаруу органы – ''бөйрөк.'' Заара бөйрөктөн сийдик агызуучу түтүк аркылуу табарсыкка, андан сийдик чыгаруучу канал аркылуу сыртка чыгат, к. ''Заара бөлүп чыгаруу системасы.''
'''БӨЛҮП ЧЫГАРУУ СИСТЕМАСЫ ''' – адам жана жаныбар организминдеги ашык сууну, тузду, алмашуу процессиндеги акыркы бөтөн жана уу заттарды бөлүп чыгаруучу органдар жыйындысы. Жөнөкөйлөрдө оӊой эрүүчү заттар (аммиак, мочевина) айлана-чөйрөгө диффузия жолу менен же жыйрылуучу вакуолдун жардамы менен чыгарылат. Көп клеткалуу жөнөкөй түзүлүштүү сууда жашоочуларда (былпылдактар, ичеги көӊдөйлүүлөр, ийне терилүүлөр) зат алмашуу продуктулары денесинин үстүнкү бети жана айлана-чөйрө менен байланышкан көӊдөйү аркылуу өтөт. Көпчүлүк омурткасыздарда бөлүп чыгаруу функциясын ичегиси аткарат. Эволюция процессинде Бөлүп чыгаруу системасынын ар башка түрү келип чыккан. Жөнөкөй түзүлүштүү курттардын, жалпак курттардын, немертиндердин, ошондой эле полихеттер менен моллюскалардын личинкаларында бөлүп чыгаруу органдары – протонефридийлер (сыртка жылчык аркылуу ачылган, ичи туюк өзгөчө көӊдөй клеткалар менен бүткөн түтүк системасы). Анын ичинде тынымсыз кыймылдуу кирпикчелер жайгашкан. Көпчүлүк муунак курттарда Бөлүп чыгаруу системасы – метанефридийлер, башкача айтканда эктодермалык жуп түтүк органдар. Бөлүп чыгаруу органы моллюскаларда мезодермадан өрчүйт, жүрөк жанындагы көӊдөйгө, сырткы тешиги мантия көӊдөйүнө ачылат. Сууда жашоочу омурткасыздарга зат алмашуунун оӊой эрүүчү продуктуларын бөлүп чыгаруучу сыртка ачылуучу орган мүнөздүү. Кургакта жашоочу муунак буттууларда бөлүп чыгаруу функциясын ичеги капталдары же мальпиги тамырлары, ал эми хордалууларда жыйноочу баштыкчалар аткарат. Ланцетниктердин бакалоорунун жанындагы көӊдөйүндө бир тешикче менен ачылган 100 жуп нефромиксиялары болот. Омурткалуу жаныбарларда жана адамда бөлүп чыгаруу органы – ''бөйрөк.'' Заара бөйрөктөн сийдик агызуучу түтүк аркылуу табарсыкка, андан сийдик чыгаруучу канал аркылуу сыртка чыгат, к. ''Заара бөлүп чыгаруу системасы.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:30, 20 Май (Бугу) 2024 -деги абалы

БӨЛҮП ЧЫГАРУУ СИСТЕМАСЫ – адам жана жаныбар организминдеги ашык сууну, тузду, алмашуу процессиндеги акыркы бөтөн жана уу заттарды бөлүп чыгаруучу органдар жыйындысы. Жөнөкөйлөрдө оӊой эрүүчү заттар (аммиак, мочевина) айлана-чөйрөгө диффузия жолу менен же жыйрылуучу вакуолдун жардамы менен чыгарылат. Көп клеткалуу жөнөкөй түзүлүштүү сууда жашоочуларда (былпылдактар, ичеги көӊдөйлүүлөр, ийне терилүүлөр) зат алмашуу продуктулары денесинин үстүнкү бети жана айлана-чөйрө менен байланышкан көӊдөйү аркылуу өтөт. Көпчүлүк омурткасыздарда бөлүп чыгаруу функциясын ичегиси аткарат. Эволюция процессинде Бөлүп чыгаруу системасынын ар башка түрү келип чыккан. Жөнөкөй түзүлүштүү курттардын, жалпак курттардын, немертиндердин, ошондой эле полихеттер менен моллюскалардын личинкаларында бөлүп чыгаруу органдары – протонефридийлер (сыртка жылчык аркылуу ачылган, ичи туюк өзгөчө көӊдөй клеткалар менен бүткөн түтүк системасы). Анын ичинде тынымсыз кыймылдуу кирпикчелер жайгашкан. Көпчүлүк муунак курттарда Бөлүп чыгаруу системасы – метанефридийлер, башкача айтканда эктодермалык жуп түтүк органдар. Бөлүп чыгаруу органы моллюскаларда мезодермадан өрчүйт, жүрөк жанындагы көӊдөйгө, сырткы тешиги мантия көӊдөйүнө ачылат. Сууда жашоочу омурткасыздарга зат алмашуунун оӊой эрүүчү продуктуларын бөлүп чыгаруучу сыртка ачылуучу орган мүнөздүү. Кургакта жашоочу муунак буттууларда бөлүп чыгаруу функциясын ичеги капталдары же мальпиги тамырлары, ал эми хордалууларда жыйноочу баштыкчалар аткарат. Ланцетниктердин бакалоорунун жанындагы көӊдөйүндө бир тешикче менен ачылган 100 жуп нефромиксиялары болот. Омурткалуу жаныбарларда жана адамда бөлүп чыгаруу органы – бөйрөк. Заара бөйрөктөн сийдик агызуучу түтүк аркылуу табарсыкка, андан сийдик чыгаруучу канал аркылуу сыртка чыгат, к. Заара бөлүп чыгаруу системасы.