БӨРҮБАЕВ Алтай Асылканович: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БӨРҮБАЕВ ''' Алтай Асылканович (31. 12.1950-ж. т., Талас обл., Талас р-ну, Кара-Ой айылы) – математик, физика-математика илимд. доктору (1991), проф. (1992), КР УИАнын (корр. мүчөсү, 1993), акад. (2000), КРдин илим ж-а техника б-ча эмг. сиӊ. ишмери (1995). Кырг-н Ленин комсомолу (1981), КРдин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. (1998, 2000) лауреаты. КМУнун механика-математика ф-тин (1972), Москва мамл. ун-тинин аспирантурасын бүтүргөн (1975). КМУда окутуучу, улук окутуучу, декан, ил. иштер б-ча проректор (1976–92), КРдин билим берүү министринин 1-орун басары (1992–94), И. А. Арабаев атн. КМПУнун (1994–98), КМУнун ректору (1998–2000). 2000–05-ж. КРдин Эл өкүлдөр жыйынынын спикери, 2005-жылдан КРдин Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасы. Б-дин 130дан ашуун ил. эмгеги (анын 30дан ашыгы чет өлкөлөрдө басылып чыккан), а.и. 6 монографиясы, орто мектептер, ЖОЖдор үчүн 5 окуу китеби жарык көргөн. Б-дин орчундуу ил. эмгектеринин көпчүлүгү бир калыптагы мейкиндиктер (топология) ж-а бир калыптагы үзгүлтүксүз чагылдыруулар м-н байланышкан. Ал бир калыптуулук структураларынын жардамы м-н топол. мейкиндиктердин паракомпакттуу, локалдуу паракомпакттуу, линдельефтик ж. б. кеӊейтүүлөрүн тургузган.
'''БӨРҮБАЕВ ''' '''Алтай Асылканович''' (31. 12.1950-жылы туулган, Талас облусу, Талас району, Кара-Ой айылы) – математик, физика-математика илимдеринин доктору (1991), профессор (1992), КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (1993), академик (2000), КРдин эмгек сиӊирген ишмери (1995). Кыргызстан Ленин комсомолу (1981), КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын (1998, 2000) лауреаты. КМУнун механика-математика факультетин (1972), Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүргөн (1975). КМУда окутуучу, улук окутуучу, декан, илимий иштер боюнча проректор (1976–92), КРдин билим берүү министринин 1-орун басары (1992–94), И. А. Арабаев атындагы КМПУнун (1994–98), КМУнун ректору (1998–2000). 2000–05-жылдары КРдин Эл өкүлдөр жыйынынын спикери, 2005-жылдан КРдин Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасы. Бөрүбаевдин 130дан ашуун илимий эмгеги (анын 30дан ашыгы чет өлкөлөрдө басылып чыккан), анын ичинен 6 монографиясы, орто мектептер, ЖОЖдор үчүн 5 окуу китеби жарык көргөн. Бөрүбаевдин орчундуу илимий эмгектеринин көпчүлүгү бир калыптагы мейкиндиктер (топология) жана бир калыптагы үзгүлтүксүз чагылдыруулар менен байланышкан. Ал бир калыптуулук структураларынын жардамы менен топологиялык мейкиндиктердин паракомпакттуу, локалдуу паракомпакттуу, линдельефтик ж. б. кеӊейтүүлөрүн тургузган.<br/>Эмг.: Равномерные структуры на топологических пространствах и группах (в соавторстве). Б., 1997.
<br/>Эмг.: Равномерные структуры на топологических пространствах и группах (в соавторстве). Б., 1997.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:56, 21 Май (Бугу) 2024 -деги абалы

БӨРҮБАЕВ Алтай Асылканович (31. 12.1950-жылы туулган, Талас облусу, Талас району, Кара-Ой айылы) – математик, физика-математика илимдеринин доктору (1991), профессор (1992), КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (1993), академик (2000), КРдин эмгек сиӊирген ишмери (1995). Кыргызстан Ленин комсомолу (1981), КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын (1998, 2000) лауреаты. КМУнун механика-математика факультетин (1972), Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүргөн (1975). КМУда окутуучу, улук окутуучу, декан, илимий иштер боюнча проректор (1976–92), КРдин билим берүү министринин 1-орун басары (1992–94), И. А. Арабаев атындагы КМПУнун (1994–98), КМУнун ректору (1998–2000). 2000–05-жылдары КРдин Эл өкүлдөр жыйынынын спикери, 2005-жылдан КРдин Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасы. Бөрүбаевдин 130дан ашуун илимий эмгеги (анын 30дан ашыгы чет өлкөлөрдө басылып чыккан), анын ичинен 6 монографиясы, орто мектептер, ЖОЖдор үчүн 5 окуу китеби жарык көргөн. Бөрүбаевдин орчундуу илимий эмгектеринин көпчүлүгү бир калыптагы мейкиндиктер (топология) жана бир калыптагы үзгүлтүксүз чагылдыруулар менен байланышкан. Ал бир калыптуулук структураларынын жардамы менен топологиялык мейкиндиктердин паракомпакттуу, локалдуу паракомпакттуу, линдельефтик ж. б. кеӊейтүүлөрүн тургузган.
Эмг.: Равномерные структуры на топологических пространствах и группах (в соавторстве). Б., 1997.