ВАВИЛОНИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВАВИЛОНИЯ ''' – Месопотамиянын | '''ВАВИЛОНИЯ ''' – Месопотамиянын түштүк бөлүгүндө (азыркы Ирактын аймагы) жайгашкан тарыхый аймак жана байыркы мамлекет. Б. з. ч. 2-миӊ жылдыктын башынан б. з. ч. 539-жылы перстер тарабынан басып алынганга чейин өкүм сүргөн. Адегенде Вавилониянын аймагы Шумер жана Аккад деп аталган. Кийинчерээк, мамлекеттин маанилүү саясий, маданий жана чарбалык борборуна айланган ''Вавилон'' шаарынын аталышынан Вавилония делип калган. Б. з. ч. 19-кылымдын башына чейин Вавилонияны Аккад падышалары, кийин Ура династиясынан чыккандар (б. з. ч. 22-кылымдын аягы – 21-кылым) бийлеген. Б. з. ч. 1894-жылы Вавилонияда аморит урууларынан чыккан жергиликтүү династия бийликке келип, анын көрүнүктүү өкүлү ''Хаммурапи'' (б. з. ч. 1792–50) бүткүл Месопотамияны бирдиктүү борборлошкон мамлекетке айландырган. Анын тушунда Вавилония күчтүү мамлекетке айланып, Хаммурапи таланттуу администратор, реформатор жана мыйзамчы катары таанылган. Анын атынан чыгарылган мыйзам кодекстери («Хаммурапи мыйзамдары») – байыркы замандагы эӊ белгилүү юридикалык документ болуп саналат. Хаммурапинин мураскерлеринин мезги-<br/> | ||
<br/> | |||
[[File:ВАВИЛОНИЯ4.png | thumb | «Дүйнөнүн Вавилон картасы». Б. з. ч. 700–500-ж. Британ музейи (Лондон).]] | [[File:ВАВИЛОНИЯ4.png | thumb | «Дүйнөнүн Вавилон картасы». Б. з. ч. 700–500-ж. Британ музейи (Лондон).]] | ||
линде | линде Вавилонияда сепаратисттик кыймылдар күч алып, б. з. ч. 1595-жылы Вавилонду хетт падышасы Мурсили I басып алат. Болжол менен 1518-жылы хеттердин союздаштары, Орто Азиянын талааларынан келген көчмөн касситтер шаарды ээлешип, Вавилонияда жаӊы династияны негиздешет. Касситтер династиясы сурап турганда (1518–1150) Вавилониянын экономикасы жогорулаган. Касситтердин жана андан кийинки династиялар тушунда (Исиндин II династиясы, б. з. ч. 1150–1027-жылдар) Вавилонияга сырткы душмандар (ассириялыктар, эламиттер) далай жолу басып кирген. Б. з. ч. 729-жылы Ассириянын падышасы Тиглатпаласар III Вавилонияга аскерлерин киргизип, Пулу деген ат менен өзүн Вавилониянын падышасы деп жарыялаган. Вавилониядагы ассириялык падышалардын башкаруу мезгили мамлекеттеги саясий-экономикалык туруксуздук менен белгилүү болгон. Б. з. ч. 7-кылымда Ассирия аскерлери Вавилонияны 2 жолу (689- ж-а 648-жылдар) кыйраткан. Б. з. ч. 7-кылымдын ортосунда Ассирияда түзүлгөн башаламандыктан пайдаланып, Вавилониялыктар өзүнүн көз каранды эместигин калыбына келтирүүгө аракеттенишкен. Ассириялыктарды өлкөдөн кууп чыгууда Набопаласар чоӊ роль ойногон. Чечүүчү салгылашта Вавилониялыктар жеӊип чыгышып, б. з. ч. 626-жылы Набопаласарды падыша деп жарыялашып, Вавилонияда жаӊы династия түптөлөт. 626-жылдан Жаӊы падышалыктын мезгили башталат. Кийинки падыша Навуходоносор IIнин тушунда Вавилония Египетке жана анын азиялык союздаштарына каршы ийгиликтүү согушкан. 586-жылы Иерусалим талкаланып, Иудея падышалыгы Вавилония провинциясына айланган. Набопаласар менен Навуходоносор IIнин тушунда Вавилониянын экономикасы бир кыйла жогорулап, Вавилон Алдыӊкы Азиядагы негизги соода борборуна айланган. Навуходоносор IIнин өлүмүнөн кийин Вавилонияда бир нече жолу сарай төӊкөрүштөрү ишке ашырылган. Вавилониянын акыркы падышасы Набонид болгон (556–539). Б. з. ч. 539-жылы Персия падышасы Кир II Вавилонду басып алгандан кийин, Вавилония өз алдынча мамлекет катары өмүр сүрүүсүн токтоткон. | ||
<br/>Ад.: ''Дандамаев Д. А''. Рабство в Вавилонии. VII – IV вв. до н. э. (625 – 331 гг.). М., 1974; ''Рифтин А. П''. Старо-вавилонские юридические и админстративные документы в собраниях СССР. М.; Л., 1937; ''Дьяконов И. М.'' Законы Вавилонии, Ассирии и Хеттского царства //Вестник древней истории, 1952, ¹ 3–4; История Древнего мира. М., 1989. | |||
<br />Ад.: ''Дандамаев Д. А''. Рабство в Вавилонии. VII – IV вв. до н. э. (625 – 331 гг.). М., 1974; ''Рифтин А. П''. Старо-вавилонские юридические и админстративные документы в собраниях СССР. М.; Л., 1937; ''Дьяконов И. М.'' Законы Вавилонии, Ассирии и Хеттского царства //Вестник древней истории, 1952, ¹ 3–4; История Древнего мира. М., 1989. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:53, 21 Май (Бугу) 2024 -деги абалы
ВАВИЛОНИЯ – Месопотамиянын түштүк бөлүгүндө (азыркы Ирактын аймагы) жайгашкан тарыхый аймак жана байыркы мамлекет. Б. з. ч. 2-миӊ жылдыктын башынан б. з. ч. 539-жылы перстер тарабынан басып алынганга чейин өкүм сүргөн. Адегенде Вавилониянын аймагы Шумер жана Аккад деп аталган. Кийинчерээк, мамлекеттин маанилүү саясий, маданий жана чарбалык борборуна айланган Вавилон шаарынын аталышынан Вавилония делип калган. Б. з. ч. 19-кылымдын башына чейин Вавилонияны Аккад падышалары, кийин Ура династиясынан чыккандар (б. з. ч. 22-кылымдын аягы – 21-кылым) бийлеген. Б. з. ч. 1894-жылы Вавилонияда аморит урууларынан чыккан жергиликтүү династия бийликке келип, анын көрүнүктүү өкүлү Хаммурапи (б. з. ч. 1792–50) бүткүл Месопотамияны бирдиктүү борборлошкон мамлекетке айландырган. Анын тушунда Вавилония күчтүү мамлекетке айланып, Хаммурапи таланттуу администратор, реформатор жана мыйзамчы катары таанылган. Анын атынан чыгарылган мыйзам кодекстери («Хаммурапи мыйзамдары») – байыркы замандагы эӊ белгилүү юридикалык документ болуп саналат. Хаммурапинин мураскерлеринин мезги-

линде Вавилонияда сепаратисттик кыймылдар күч алып, б. з. ч. 1595-жылы Вавилонду хетт падышасы Мурсили I басып алат. Болжол менен 1518-жылы хеттердин союздаштары, Орто Азиянын талааларынан келген көчмөн касситтер шаарды ээлешип, Вавилонияда жаӊы династияны негиздешет. Касситтер династиясы сурап турганда (1518–1150) Вавилониянын экономикасы жогорулаган. Касситтердин жана андан кийинки династиялар тушунда (Исиндин II династиясы, б. з. ч. 1150–1027-жылдар) Вавилонияга сырткы душмандар (ассириялыктар, эламиттер) далай жолу басып кирген. Б. з. ч. 729-жылы Ассириянын падышасы Тиглатпаласар III Вавилонияга аскерлерин киргизип, Пулу деген ат менен өзүн Вавилониянын падышасы деп жарыялаган. Вавилониядагы ассириялык падышалардын башкаруу мезгили мамлекеттеги саясий-экономикалык туруксуздук менен белгилүү болгон. Б. з. ч. 7-кылымда Ассирия аскерлери Вавилонияны 2 жолу (689- ж-а 648-жылдар) кыйраткан. Б. з. ч. 7-кылымдын ортосунда Ассирияда түзүлгөн башаламандыктан пайдаланып, Вавилониялыктар өзүнүн көз каранды эместигин калыбына келтирүүгө аракеттенишкен. Ассириялыктарды өлкөдөн кууп чыгууда Набопаласар чоӊ роль ойногон. Чечүүчү салгылашта Вавилониялыктар жеӊип чыгышып, б. з. ч. 626-жылы Набопаласарды падыша деп жарыялашып, Вавилонияда жаӊы династия түптөлөт. 626-жылдан Жаӊы падышалыктын мезгили башталат. Кийинки падыша Навуходоносор IIнин тушунда Вавилония Египетке жана анын азиялык союздаштарына каршы ийгиликтүү согушкан. 586-жылы Иерусалим талкаланып, Иудея падышалыгы Вавилония провинциясына айланган. Набопаласар менен Навуходоносор IIнин тушунда Вавилониянын экономикасы бир кыйла жогорулап, Вавилон Алдыӊкы Азиядагы негизги соода борборуна айланган. Навуходоносор IIнин өлүмүнөн кийин Вавилонияда бир нече жолу сарай төӊкөрүштөрү ишке ашырылган. Вавилониянын акыркы падышасы Набонид болгон (556–539). Б. з. ч. 539-жылы Персия падышасы Кир II Вавилонду басып алгандан кийин, Вавилония өз алдынча мамлекет катары өмүр сүрүүсүн токтоткон.
Ад.: Дандамаев Д. А. Рабство в Вавилонии. VII – IV вв. до н. э. (625 – 331 гг.). М., 1974; Рифтин А. П. Старо-вавилонские юридические и админстративные документы в собраниях СССР. М.; Л., 1937; Дьяконов И. М. Законы Вавилонии, Ассирии и Хеттского царства //Вестник древней истории, 1952, ¹ 3–4; История Древнего мира. М., 1989.