БОТАНИКА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОТА́НИКА ''' (гр. botfnе; – чөп, өсүмдүк) – өсүмдүктөр жөнүндөгү илим; ''биологиянын'' бир тармагы. Ботаника көп тармакты: өсүмдүктүн сырткы, ички түзүлүштөрүн, систематикасын, геологиялык убакыт ичинде өнүгүшүн (эволюция), тектештик байланыштарын (филогения); өткөн жана азыркы замандагы таралуу закон ченемин (өсүмдүк географиясы), чөйрө менен өз ара байланышын, өсүмдүктөр жамаатынын түзүлүшүн (фитоценология же геоботаника), эл чарбасында пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн жана жолун ( | '''БОТА́НИКА ''' (гр. botfnе; – чөп, өсүмдүк) – өсүмдүктөр жөнүндөгү илим; ''биологиянын'' бир тармагы. Ботаника көп тармакты: өсүмдүктүн сырткы, ички түзүлүштөрүн, систематикасын, геологиялык убакыт ичинде өнүгүшүн (эволюция), тектештик байланыштарын (филогения); өткөн жана азыркы замандагы таралуу закон ченемин (өсүмдүк географиясы), чөйрө менен өз ара байланышын, өсүмдүктөр жамаатынын түзүлүшүн (фитоценология же геоботаника), эл чарбасында пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн жана жолун (экономикалык ботаника), казып алынган өсүмдүктөрдү (палеоботаника), тиричилигин жана функциясын (өсүмдүк физиологиясы), химиялык курамын жана биохимиялык процесстерди (биохимия), чөйрө ж. б. организмдер менен ич ара байланышын (экология), өсүмдүк илдетин (фитопатология) ж. б. изилдөөнү камтыйт. Изилденүүчү объектилерине карата альгология (балырлар), микология (козу карындар), лихенология (эӊилчектер), бриология (мамык чөптөр), дендрология (дарак, бадалдар) ж. б. болуп бөлүнөт. Өсүмдүк дүйнөсүндөгү жөнөкөй түзүлүштүү микроскопиялык организмдерди ''микробиология'' изилдейт. Ботаника илим катары байыркы грек табият изилдөөчүлөрүнөн башталган. Өсүмдүктөрдү биринчи жолу классификациялоого аракет жасап, сыпаттап жазган грек табият изилдөөчүсү Теофраст ботаниканын «атасы» деп эсептелет. Ботаника 15-кылымдан тез өнүгүп, улам жаӊы тармактары пайда боло баштайт. Анын өнүгүшүнө 18-кылымдын орто ченинде швед окумуштуусу К. ''Линнейдин'' ботаниканын өнүгүшүн жыйынтыктоосу, 19-кылымда физика менен химиянын жетишкендиктери, клетка теориясы жана Ч. ''Дарвиндин'' эволюциялык окуусу, 20-кылымда генетика менен молекулалык биологиянын өнүгүшү чоӊ таасирин тийгизген. Ботаника геология, химия, физика, география ж. б. илимдер менен тыгыз байланыштуу. Айыл чарбасынын, токой чарбасынын, тамак-аш, текстиль, целлюлоза, жыгач иштетүү өнөр жайларынын көп маселелерин чечүүдө пайдаланылат. Кыргызстанда 1928-жылы «Топурак-ботаникалык бюро» деген туӊгуч ботаникалык мекеме уюштурулуп, анда ботаникалык изилдөөлөр жүргүзүлө баштаган. И. В. ''Выходцев'' менен Е. В. ''Никитинанын'' жетекчилиги астында геоботаника жана флористикалык изилдөөлөр жүргүзүлүп, республикада биринчи ''гербарий'' түзүлгөн. Кыргызстандын аймагында өсүүчү татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн 400 миӊге жакын түрүн камтыган 11 томдон жана беш кошумча томдон турган «Кыргыз ССРинин флорасы» жарыкка чыккан (1955–88). Азыр ботаникалык изилдөөлөр КР УИАнын биология ж-а топурак таануу институтунда, токой жана жаӊгак-чарба институтунда, Ботаника багында, ошондой эле республиканын ЖОЖдорунда жүргүзүлөт.<br/>Ад.: ''Жуковский П. М.'' Ботаника. 5 изд. М., 1982; Жизнь растений. 1–6 т. М., 1974–1982.<br/>''К. Т. Шалпыков.'' | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
10:00, 22 Май (Бугу) 2024 -деги абалы
БОТА́НИКА (гр. botfnе; – чөп, өсүмдүк) – өсүмдүктөр жөнүндөгү илим; биологиянын бир тармагы. Ботаника көп тармакты: өсүмдүктүн сырткы, ички түзүлүштөрүн, систематикасын, геологиялык убакыт ичинде өнүгүшүн (эволюция), тектештик байланыштарын (филогения); өткөн жана азыркы замандагы таралуу закон ченемин (өсүмдүк географиясы), чөйрө менен өз ара байланышын, өсүмдүктөр жамаатынын түзүлүшүн (фитоценология же геоботаника), эл чарбасында пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн жана жолун (экономикалык ботаника), казып алынган өсүмдүктөрдү (палеоботаника), тиричилигин жана функциясын (өсүмдүк физиологиясы), химиялык курамын жана биохимиялык процесстерди (биохимия), чөйрө ж. б. организмдер менен ич ара байланышын (экология), өсүмдүк илдетин (фитопатология) ж. б. изилдөөнү камтыйт. Изилденүүчү объектилерине карата альгология (балырлар), микология (козу карындар), лихенология (эӊилчектер), бриология (мамык чөптөр), дендрология (дарак, бадалдар) ж. б. болуп бөлүнөт. Өсүмдүк дүйнөсүндөгү жөнөкөй түзүлүштүү микроскопиялык организмдерди микробиология изилдейт. Ботаника илим катары байыркы грек табият изилдөөчүлөрүнөн башталган. Өсүмдүктөрдү биринчи жолу классификациялоого аракет жасап, сыпаттап жазган грек табият изилдөөчүсү Теофраст ботаниканын «атасы» деп эсептелет. Ботаника 15-кылымдан тез өнүгүп, улам жаӊы тармактары пайда боло баштайт. Анын өнүгүшүнө 18-кылымдын орто ченинде швед окумуштуусу К. Линнейдин ботаниканын өнүгүшүн жыйынтыктоосу, 19-кылымда физика менен химиянын жетишкендиктери, клетка теориясы жана Ч. Дарвиндин эволюциялык окуусу, 20-кылымда генетика менен молекулалык биологиянын өнүгүшү чоӊ таасирин тийгизген. Ботаника геология, химия, физика, география ж. б. илимдер менен тыгыз байланыштуу. Айыл чарбасынын, токой чарбасынын, тамак-аш, текстиль, целлюлоза, жыгач иштетүү өнөр жайларынын көп маселелерин чечүүдө пайдаланылат. Кыргызстанда 1928-жылы «Топурак-ботаникалык бюро» деген туӊгуч ботаникалык мекеме уюштурулуп, анда ботаникалык изилдөөлөр жүргүзүлө баштаган. И. В. Выходцев менен Е. В. Никитинанын жетекчилиги астында геоботаника жана флористикалык изилдөөлөр жүргүзүлүп, республикада биринчи гербарий түзүлгөн. Кыргызстандын аймагында өсүүчү татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн 400 миӊге жакын түрүн камтыган 11 томдон жана беш кошумча томдон турган «Кыргыз ССРинин флорасы» жарыкка чыккан (1955–88). Азыр ботаникалык изилдөөлөр КР УИАнын биология ж-а топурак таануу институтунда, токой жана жаӊгак-чарба институтунда, Ботаника багында, ошондой эле республиканын ЖОЖдорунда жүргүзүлөт.
Ад.: Жуковский П. М. Ботаника. 5 изд. М., 1982; Жизнь растений. 1–6 т. М., 1974–1982.
К. Т. Шалпыков.